Өкмөт 2020-жылдан тарта күйүүчү май куйган жайларды тыкыр көзөмөлдөйт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПроверка АЗС в Оше
Проверка АЗС в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт майды кассалык машинанын чегисиз куюуга мүмкүн эместигин, себеби ансыз АЗСтеги колонкаларга мунай затын чыгаруу боюнча сигнал берилбей тургандыгын айтууда.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы май куюучу бардык жайлар мунай заттарын автоматтык түрдө каттоого алган системаны колдонууга милдеттендирилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Май куйган жайларга коюлган жаңы талаптар өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мунай продукцияларын каттоо жана көзөмөлдөө" боюнча 2019-жылдын 17-сентябрында кабыл алынган токтомуна ылайык ишке ашат.

Күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

Бишкектеги май куюучу жайлар бензинди кантип кем куят. Видео иликтөө - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги май куюучу жайлар бензинди кантип кем куят. Видео иликтөө
Күйүүчү майды чекене сатуу май куйган бекеттерде көзөмөл-кассалык машиналар, колонкалар жана майды куйган автоматташкан электрондук система менен гана болот.

Өкмөт майды кассалык машинанын чегисиз куюуга мүмкүн эместигин, себеби ансыз АЗСтеги колонкаларга мунай затын чыгаруу боюнча сигнал берилбей тургандыгын айтууда. Ал эми бул маалымат Мамлекеттик салык кызматынын серверине түшүп турат дешти.

Май куюучу бекеттин ээлери бул системаны өздөрү сатып алып орнотуп, иштете бергенге болот. Ал техникалык талаптарга жооп бериши керек, андай болбогон учурда аталган жайда мунай заттарын сатууга тыюу салынат. Май куюучу бекетке аталган системаны орноткондон кийин күйүүчү май сактаган люкка пломба орнотуунун зарылдыгы жок калат.

Мунай заттарын өндүргөн, импорттогон жана саткан тараптар продукцияны түшүрүп алгандыгы боюнча документтерди салык системасындагы жеке кабинети аркылуу эле электрондук жол менен толтуруп коёт. Ал эми бул документте күйүүчү май, ким жөнөткөндүгү, ким алгандыгы, продукцияны ташыган транспорт тууралуу жана башка дагы маалыматтар болот.

Мындан сырткары, мунай заттарын соодалоодогу жогорудагыдай системаны орнотуу жана сатып алууда жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0