Жип ийрүү. Архив

Жип ийрип, жарма жасап, нан жапкан индеецтердин навахо уруусу. Илимпоз менен маек

1791
(жаңыланган 10:39 15.10.2019)
Океандын ары жагында тили, үрп-адаты жана маданияты кыргыздардыкына окшош индеецтердин уруусу жашаганы аныкталды.

Индеецтердин навахо уруусунан тарагандар ортодон чыккан кыйынчылыктарга карабай азыркыга чейин түтүн санын көбөйтүп, жада калса апасынын тууганын "таяке" дегенин уккан соң филолог илимий изилдөөсүн баштаган.

Эгер француздардын же англичандардын тили ортого аралашпаганда навахо эли уруусун "дене" деп аташмак экен. Мамбаева мындан башка да окшоштуктарды тапкан.

Доцент отдела синхронного перевода Кыргызско-турецкого университета Манас Салтанат Мамбаева во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Эркин Садыков
Салтанат Мамбаева: АКШнын Висконсин штатында сейилдеп жүрсөм, келбети кыргыздардыкындай келишкен, бирок сөөктүү келин алдыма басып келип, кайсы мамлекеттен же шаардан келгенимди сурабастан, уруума кызыкты. Ага Кыргызстандан келгенимди айтсам, дегеле укпаптыр.

— Кыргыздар байыркы элдердин катарына кирген көчмөн экени шексиз. Бирок индеецтердин арасында бизге окшош уруулардын бар экенин кайдан билип калдыңыз?

— Изилдөөчү катары 2004-жылы үч жылдык долбоорго катышып, аны утуп алган соң Америка Кошмо Штаттарына жөнөп кеттик. Ал жакта илимий иштерден сырткары Висконсин штатындагы Милуоки университетинде сабак бердим. Бир күнү көчөдө сейилдеп жүрүп таң калычтуу окуяга күбө болдум. Келбети кыргыздардыкындай келишкен, бирок сөөктүү келин алдыма басып келип, кайсы мамлекеттен же шаардан келгенимди сурабастан, уруума кызыкты. Ага Кыргызстандан келгенимди айтсам, дегеле укпаптыр. Жаныбызда китеп-дептер, майда-барат буюм саткан дүкөн бар экен. Ал жерден жер шаарынын картасын сурай коюп, биздин мамлекет кайда жайгашканын бейтааныш айымга көрсөтүп бердим. Мынча алыстан келгениме таң калган келин шыр эле мени менен жакындан таанышып, баарлашкысы келди. Ал мени нукура америкалыктардын "пау-вау дэнсинг", башкача айтканда, индеецтердин жазды, күндү, жаанды чакыруу салтанат аземин көрүүгө чакырды. Бул иш-чарада мага окшогондор көп болорун кошумчалады.

Бул жолугушууга чейин мен сабак берген университетте концерт коюп калышты. Шаңдуу иш-чарага кыргыздын жетиген сымал кылдуу аспабын черткен Карлос Накай аттуу музыкант катышты. Накай деген фамилия кулагыма жылуу угулуп, анын маанисин сурадым. Ал мага Америкада накай деген индеецтердин уруусу жашаганын, азыркы учурда анын аталышы эле калганын айтып берди. Мындан сырткары, Фредрих Тайке деген адамдын фамилиясындагы сөздүн маанисин түшүндүрүп берди. Көрсө биз сыяктуу эле "таяке" деп индеецтердин навахо эли эне жагындагы туугандарын айтат экен. Андан соң мен жүргүзгөн илимий изилдөөлөрдүн катарына жаңы иш кошулду. Навахо элин тыкыр изилдеш үчүн 2004-2007-жылга чейин Американын штаттарын кыдырып чыктым. Иликтөөм Аризонага чейин алып барды. Ал жерде кыргыздар менен окшоштугу көп индеецтердин навахо элин таптым. Алардын эне тилин сактап калууга жасаган аракеттерин көрдүм. Бала бакчалар менен колледждерде чүрпөлөрүнө кичинекейинен улуттук баалуулуктарды, каада-салтты үйрөтүшөт экен. Ушул жерде навахо эли менен кыргыздардын ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар экенин аныктадым.

— Изилдөөңүздүн жыйынтыгында кыргыз тилине окшош канча сөздү аныктадыңыз?

— Лингвистика илимдеринин эрежелерине ылайык эки элдин улуттук тилинде он сөздөн көп окшоштук болсо, аларды тектеш деп айтууга болот. Эгерде 70-100 сөзгө чейин окшоштуктар табылса, аларды тамырлаш дейбиз. Тилекке каршы, навахо элинде оозеки баарлашуу сакталып, жазма жагы өнүкпөй калган экен. Англис тилине котормо 18-кылымдын соңунда, 19-кылымдын башында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында атайын сөздүк чыгарылыптыр. Бул китепти карап чыкканымда жүздөн ашуун кыргыз сөздөрүнө окшош сөз таптым. Алар боюнча илимий басылмаларга, гезиттерге жазып жүрөм. Мисалга: навахо эли "алатсын" деп билегин айтышса, бизде алакан деген сөз бар. Кыргыздар этке жакын эмеспи, алар "этцы" дешет. Кол өнөрчүлөрдү "адистий" дешет. Биз адис дейбиз. Биз "аке" дегендей эле жакын туугандарын "акей", "акея" деп чакырышат. Ак калпагын кийген Ала-Тоону алар "Ала-Таоа" дешет. Биз балдарды ар кандай сөздөр менен эркелетебиз, айрым учурда "алтыным" деп коебуз. Навахо эли чүрпөлөрүнүн көңүлүн "алтчыны" деп көтөрүшөт экен. Күчөтүү маанисинде айтып жүргөн "аябай" деген сөзгө эки-үч ирет угуп отуруп "айоо" дегенин окшоттурдум. Аларда үнсүз тамгалар жазылганы менен айтылганда жумшак тыбыштар менен алмашып кетет. Алфавити англис тамгаларынан айырмаланып, үстүнө үтүр, чекиттерди кошуп жазышат. Ошого жараша тыбыштар өзгөрөт. Айтор, тил жагынан ушул сыяктуу окшоштуктар көп.

Доцент отдела синхронного перевода Кыргызско-турецкого университета Манас Салтанат Мамбаева во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Эркин Садыков
Илимпоз: навахо эли "алатсын" деп билегин айтышса, бизде алакан деген сөз бар. Кыргыздар этке жакын эмеспи, алар "этцы" дешет. Кол өнөрчүлөрдү "адистий" дешет. Биз адис дейбиз. Биз "аке" дегендей эле жакын туугандарын "акей", "акея" деп чакырышат. Ак калпагын кийген Ала-Тоону алар "Ала-Таоа" дешет.

— Тилден башка дагы кандай окшоштуктарды байкадыңыз?

— Албетте, тил менен гана чектелип калбай, мен навахо элинин каада-салтын, үрп-адатын терең изилдеп чыктым. Кыргызда кош бойлуу кыз-келиндер боюна бүткөнүн жалпы элге билгизбей, жашырып коет эмеспи. Элдин көзү тиет деген ишенич бар. Индеецтерде да ушул адатты кездештирдим. Бизде ак элечек кийген апалар жарык дүйнөгө келген ымыркайды сары май менен оозантат. Индеецтерде бул кадыресе көрүнүш. Азыркы заманбап жашоодо мурдагыдай баш калкалоочу кепелер жокко эсе деңизчи, бирок навахолор жашап келген турак жайлар биздин боз үй сымал конус формасында паксадан согулуп, босогосун сөзсүз күн чыгыш тарапка каратышчу экен. Үйдүн ичинде эркектин жана аялдын бурчу болуп бөлүнүптүр. Кыргыздардай эле жип ийришет. Чөп үстүнө жүндү жайып сабоо менен сабаганы да изилдөөмдү андан бетер кызыктуу кылды. Мындан сырткары, белдемчи тагынып, өрнөк соккондору да керемет. Кыргыз жигиттери мурда күмүштөн жасалып, оймо түшүрүлгөн курлар менен сымбаттуу көрүнсө, бул сыяктуу зергер буюмдарын жасоо навахолордо кеңири жайылган. Албетте, шаардын деңгээлинде биз сыяктуу мал чарбасы менен кеңири алектене албаса да, кой багуу индеецтердин негизги багыты болгон. Мурда көчмөн эл катары жайыт алмаштырып, жер которуп жүрүшкөнүн айтып беришти. Алар дагы кыргыздардай эле терини ашатып, тон тигишет экен. "Магаасы" деген бут кийимдерин көрсөтүштү, ал биздин чоң ата-апаларыбыз кийген маасыга окшош.

— Сиз жогоруда көчмөн эл сыяктуу жайыт которуп келишкенин айттыңыз. Индеецтерди көчмөндөргө салыштырууга негиз барбы?

— Навахо эли байыркы кыргыздардай бойлуу жана сөөктүү келишет. Дасторкон үстүнө ырыскы кеңири чачылган той-топурлар аларда да шаңдуу өтүп, биздикиндей таш кордону алар дагы жасашат экен. Этти кызыган таштын үстүнө илип, топурак менен көмүп бышырганы мен үчүн ачылыш болду. Кесе сунуп калышты. Ичиндеги суусундукту карасам кадимки биз ичкен, бирок жүгөрүдөн жасалып, айран катыкталган атала. Мен мунун кантип жасаларын билем десем таң калышты. Биздин жарма көчмөндөрдүн улуттук суусундугу болуп эсептелет. Казанга камырды аңтара салып, көмөч бышырганына күбө болдум. Мексикалык бир фирма "наан" деген кадимки биздин каламага окшош ун азыктарын супермаркеттерде сатыкка коет. Америкалыктардын нанына көнбөй ошол мексикалыктардын каламасын алчумун. Улуу Ата Мекендик согуштагы ачарчылыкта бизде жүгөрүдөн нан жасап жешчү. Навахо уруусундагылар азыр деле сары нан бышырып, дасторконуна коюшат. Айран уютуп, чалап ичкендери биздикине окшош. Кыргыздар айткан акыйнек, апыртма сыяктуу англисче айткан жарыш сынактары бар экен.

— Эгер алар да Кыргызстанга келип калышса таң калса керек...

— Мен жүргүзгөн илимий изилдөөнүн алкагында 2016-жылы биздин кереметибиз Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Американын Кыргызстандагы элчилиги навахо элинен кыргыздардай болуп жип ийрип, өрнөк токуган Барбара Тейлерди жана бийчилер тобун чакырышты. Алар боз үйдүн тигилишине күбө болуп, оймо түшүрүлгөн шырдактарыбызды көрүштү. Эң кызыгы, биздин салбуурунчулардын оюндары аларда да бар экен. Мүнүшкөрлөрүбүз таптаган бүркүттөрдү, олжого кое берилген тайгандарды тасмага тартып алышты. Көрсө аларда да аң улоонун бул түрлөрү сакталыптыр. Мен коштоп жүрдүм. Кийинки көчмөндөр оюндарына да сөзсүз келебиз деп убада беришти. Эгер иш-чара Түркияда өтүп калса, алар келе алаар-албасын биле албайм.

Доцент отдела синхронного перевода Кыргызско-турецкого университета Манас Салтанат Мамбаева
© Sputnik / Эркин Садыков
Мамбаева: Навахо эли байыркы кыргыздардай бойлуу жана сөөктүү келишет.Той-топур аларда да шаңдуу өтүп, биздикиндей таш кордону алар дагы жасашат экен. Этти кызыган таштын үстүнө илип, топурак менен көмүп бышырганы мен үчүн ачылыш болду. Кесе сунуп калышты. Ичиндеги суусундукту карасам кадимки биз ичкен, бирок жүгөрүдөн жасалып, айран катыкталган атала. Мен мунун кантип жасаларын билем десем таң калышты.

— Навахо элинин тарыхы тууралуу да айтып бербейсизби?

— Азыркы Америка калкынын бир пайызын индеецтер түзөрү айтылып жатат. Кайсы бир убакта түндүктөн түштүк жарым шарга чейин созулган эки материкте 1500дөн ашуун уруу жашаптыр. Алардын ар биринин өзүнчө тили, каада-салты, үрп-адаты болгон. Бири-бири менен баарлаша албагандыктан уламбы, айтор, индеецтерде биримдик болбогону айтылат. Мындан улам Евразия чөлкөмүнөн биринчи жолу 40-50 миң жыл мурда ак терилүү адамдар Американын жээктерине суу аркылуу барганы изилденип жатат. Бирок бул маалыматты так кесе тастыктоочу изилдөө жок. Кийинки бөлүгү 18-20 миң жыл, акыркылары 5-6 миң жыл мурда көчүп барганы иликтенүүдө. Америкага адамдар Евразиянын Сибирь чөлкөмүнөн барган деген айрым такталбаган маалыматтар айтылып жатат. Аны тастыктоо үчүн адамдардын ДНК клеткалары да изилденүүдө.

— Сизге чейин индеецтердеги уруулардын өзгөчөлүктөрүн түрк тилдүү элдерге окшоштуруп, илимий изилдөө жүргүзгөндөр болуптурбу?

— Изилдей турган жагдайлар чачтан көп. Мен үчүн Кыргызстанда туруп кандайдыр бир илимий ачылыш жасап жиберүү татаал. Анткени индеецтер тууралуу түшүнүктүү тилде жазылган китептер менен маалыматтар жокко эсе. 90-жылдардын аягында Казакстандан чыккан элчи, азыр Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунда кеңешчи катары жүргөн Адыл Ахметов орус тилинде "Код Евразии" деген китеп жазган. Ал эмгегинде Ахметов индеецтердин тилин Якутиядагы чукчалардын, мансылардын тилине салыштырып көрүптүр.

Мен барган навахо эли колума өздөрү тарткан тасмаларды, жазган китептерди беришти. Мындай маалымат булактарын Американын китепканаларында тапканымда ичкен ашымды жерге койчумун. Тилекке каршы, навахо элинен чыккан кинорежиссерлордун эмгектери бизге жетпейт экен. Мексикадан чыккан Хоссе Барейро индеецтерди изилдеп чыгып, испан тилинде китеп жазыптыр. Бирок бул кол жазма англисчеге же орусчага которулган эмес. Американын нукура калкынын менталитетине, философиясына жазуучу, тарыхчы жана коомдук ишмер Джон Мохок кызыгып, көп эмгектерди жараткан экен. Анын китептеринен өзүм менен кошо ала келгем. Өзүм мурда оозеки котормо менен шугулданып жүрсөм, эми кыргызча маанисин кагаз бетине түшүрө баштадым. Ушундай маалымат булактары мага жеткиликтүү болгондо илимий изилдөөмдүн ыкчамдашына жакшы түрткү бермек.

1791
Белгилер:
иликтөө, кыргыз, уруу
Тема боюнча
Молдокасымов: Кытай окумуштуулары кыргыз тарыхы боюнча чоң жыйынга чогулат
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

87
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

87
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди
Чүй өрөөнү. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

28
Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 31-майда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Талас менен Чүй өрөөнүндө +28…+33 градус, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +23…+28 градус ысык болору айтылды.

Ал эми күндүн табы Бишкек шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +33…+35 градуска дейре жогорулайт.

28
Белгилер:
май, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Аптанын соңунда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат