Бишкек: паркта көрсөтүлгөн эротикалык фильм боюнча милиция иликтөө баштады

© AP Photo / Patrick SemanskyАвтокинотеатр. Архив
Автокинотеатр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эротикалык сценалары бар кинофильм "Ынтымак" паркындагы автокинотеатрдын чоң экранынан көрсөтүлгөндүгү айтылууда.

БИШКЕК. 28-сен. — Sputnik. Милиция автокинотеатрдагы эротикалык фильм көрсөтүүнү уюштургандар боюнча иликтөө баштады. Бул туурасында борбор калаанын Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте маршрутка айдоочусу рулда баратып уяттуу тасма көргөн. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрутка айдоочусу рулда баратып уяттуу тасма көргөн. Видео
Интернетте Бишкектеги жаңы түшкөн "Ынтымак" паркында чоң экранда эротикалык сценалары бар фильмди көрсөтүп жатканына таңгалган адамдын видеосу тарады.

Кадрдан автокинотеатрдын аймагында бир нече автоунаалар тургандыгын жана экранда уяттуу учур көрсөтүлүп жаткандыгы байкалат.

Бул учурда парктын жака-белиндеги тротуардан өтүп бара жаткандардын нааразы болуп жатканын жана балдардын үндөрүн угууга болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0