Композитор, дирижер, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү

12 жашынан филармонияда иштеп... Калый Молдобасанов жөнүндө 7 факты

505
(жаңыланган 17:55 28.09.2019)
Бүгүн улуу композитор, дирижер, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун туулган күнү. Залкардын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыздын чыгаан уулун эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кыргызский композитор, дирижер Калый Молдобасанов
© Фото / предоставлено союзам композиторов КР
Калый Молдобасанов Москвадагы окуусун бүтүп келип эле Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына келип катардагы дирижер болуп жумушка кирген.

Улуу манасчынын уулу. Калый Молдобасанов 1929-жылы 28-сентябрда Ак-Талаа районунун Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Даңазалуу композитордун тагдыры өнөр династиясынан келгендей.  "Аккан арыктан суу агат" демекчи, анын атасы кыргыз оозеки адабиятындагы алптардын бири, чоң манасчы, Кыргыз эл артисти Молдобасан Мусулманкулов болгон. Манасчынын үйүнө Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев өңдүү залкарлар көп келип, кичинекей Калый алардан таасир алып музыкага жакын өскөн.

12 жашынан баштап иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш башталып, музыкант, артисттер согуш тааласына аттанган. Адистердин жетишсиздигинен улам композитор Петр Шубин өзү жетектеген азыркы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин курамына 12 жашар Калыйды чакырып, жумушка алган. Ал өркүндөтүлгөн комузду чертип, бир эле мезгилде Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында скрипка, дирижерлор классында окуйт. Кийин аны артыкчылык менен бүтүрүп, Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын  дирижерлук классына өтүп, профессор Гинзбургдан таалим алган.

Молдобасанов дирижирует оркестром института
© Sputnik / Мамадалиев
Молдобасанов ондогон симфониялык бийлерди, аспаптык пьесаларды, 50дөй вокалдык чыгармалардын автору

Тубаса шык. Москвадагы жогорку окуу жайды 1954-жылы кызыл диплом менен аяктагандан кийин Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына келип катардагы дирижер, кийин башкы дирижер болуп иштейт. Калый Молдобасановдун тубаса дирижерлук шыгы, билиминин тереңдиги, изденүүчүлүгү, чеберчилиги дүйнөлүк "Отелло", "Борис Годунов", улуттук "Манас", "Асел" өңдүү ондогон классикалык операларды, балеттерди койдурган. Улуу талант чыгармачылыгынын башталашында эле ар кыл курактагы жаш жеткинчектер үчүн түрдүү маңыздагы пьесаларды, ырларды, чоңдор үчүн лирикалык ырларды, романстарды, вальстарды жана башка чыгармаларды жазат. Автордун кыргыздын кесиптик музыкасынын жаны, жүрөгү болгон элдик обондордун, күүлөрдүн берметтери менен шөкөттөлгөн "Жайлоодо", "Селкиге", "Өрттөнсүн бозой жалынга", "Жыргалым белең сезимге" ырлары угармандардын, ырчылардын оозунан түшүрбөй ырдаган сүйүктүү ырына айланат. Өзгөчө "Жайлоодо" ыры өз учурунда улан-кыздардын арасында элдик ыр катары ырдалып калган. Мындан сырткары, улуу манасчынын уулу Манас темасына да кайрылып "Манастын ордосунда" симфониялык поэмасын, Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей", "Сейтек" драмасына музыка жазган.

Балетке оогон өнөр. Социалисттик эмгектин баатыры балет жанрында бир топ ачылат. Ал алгачкы балети — "Куйручукту" композитор Герман Окунев, "Жаңыл Мырзаны" Михаил Бруштин менен биргелешип жазат. Ал эми кыргыз профессионалдык музыкасынын тарыхында таптакыр жазыла элек Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде атайы балет-ораторияны, "Кылым карытар бир күн" романынын маңызында "Маңкурт жөнүндө баян" аттуу балетти жазышы кыргыз балетинин жаңы баракчасын ачып, дүйнөгө тааныткан. Автор "Саманчынын жолу" балет-ораториясы менен өзү гана эмес, башкы каармандарды ойногон бийчилер Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева, балетмейстер Улан Сарбагышев СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары болгон.

Эмгекчил композитор. Өзүнүн чыгармачылык жолунда Молдобасанов ондогон симфониялык бийлерди, аспаптык пьесаларды, 50дөй вокалдык чыгармаларды жараткан. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жазган. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын. Бул эмгектер үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак белгиси", 3-даражадагы "Манас" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Кыргызский композитор, дирижер Калый Молдобасанов
© Фото / предоставлено союзам композиторов КР
Социалисттик эмгектин баатыры Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты, СССР эл депутаты болгон

Агартуучу, коомдук ишмер... Композитор педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенип көп жыл борбор калаадагы музыкалык училищеде, искусство институтунда, консерваторияда жаштарды тарбиялап, үч жылдай Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору да болгон. Андан сырткары, коомдук ишмер 16 жылдай Композиторлор союзун жетектеп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты, СССР эл депутаты болуп шайланган.

Кыргызский композитор, дирижер Калый Молдобасанов с сыном
© Фото / предоставлено союзам композиторов КР
Композитор Молдобасанов уулу Тилекмат менен

Балеринага баш кошкон. Кыргыз ССРинин эл артисти Молдобасанов балерина Светлана Молдобасанова менен баш кошкон. Түгөйлөр Тилекмат аттуу уулдуу болуп, кийин ажырашып кеткен. Тун уулу ата жолун улаганга аракет кылып үйлөмө аспаптарга ыктаган. Композитор кийин Үпөл Молдобасановага үйлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин бирге жашаган. Улуу талант 2006-жылы 77 жаш курагында о дүйнөгө узаган.

505
Белгилер:
Кыргызстан, дирижер, Калый Молдобасанов, факты
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (401)
Тема боюнча
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты
Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. Наталья Аринбасарова тууралуу 8 факты
Шире. Архив

Адамды өлүмгө кептеген эртең мененки терс адаттар

54
(жаңыланган 12:45 03.08.2021)
Тамактануу жаатындагы адистер ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн эртең менен кайсы тамактардан баш тартуу керектигин санап берди.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Эртең мененки тамактанууга байланыштуу кайсы адаттар адамдын ден соолугуна чоң залака келтирерин адистердин пикирине таянып "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Таңкы азыктардан баш тартуу

Эртең мененки тамак — саламаттык үчүн өтө маанилүү процесс. Күн бою адам кандай маанайды жүрөрү дал ушул тамактанууга байланыштуу болот. Ошондой эле эртең менен наар албаган адамдарда ашыкча салмак пайда болушу толук ыктымал.

Анткени эртең менен тамактанган организм калорийлерди бат сарптайт, глюкозанын деңгээли төмөнүрөөк болот. Ошондой эле күндүн алгачкы азыктарынан баш тарткан кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн.

Колбаса

Колбасаны көпчүлүк диетологдор зыяндуу тамак деп эсептейт. Эртең менен гана эмес, башка учурларда деле күнүнө 25 граммдан ашык колбаса жеген адамда жоон ичеги рагына кабылуу тобокелдиги жогорулай турганы айтылат.

Тамакка чейинки кофе

Британиялык окумуштуулардын айтымында, тура калып кофе ичүү кандагы глюкозаны көбөйтүп жиберет. Андыктан ач карын кофе ичүү сунушталбайт.

Шире

Жер-жемиштин жаңы же кант кошулган ширесин таң атпай ичүү кант диабетинин пайда болуу тобокелдигин 16 пайызга жогорулатат. Андыктан эртең менен клетчаткага бай жемиштердин өзүн жегенден өтөрү жок.

54
Белгилер:
тамак-аш, ден соолук, азык-түлүк, зыян, пайда
Тема боюнча
Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады
Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт