Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат

© Фото / предоставлено Доолосом Айбек уулуОбучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу
Обучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыскы Ат-Башы районунда чоңоюп, айылдагы эле мектептен билим алган Дөөлөс Айбек уулу азыр Сауд Аравиядагы алдыңкы окуу жайлардын биринде докторантурада окуп жатат. Ал нано-технология, инженерия тармагын өздөштүрөт.

Илим издеген 27 жаштагы Дөөлөс азыр Кыргызстанда, эс алууга келиптир. Учурдан пайдаланып Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны кепке тартты.

— "Ааламга жол айылдан башталат" деген жакшы сөз бар. Айылдын мектебин бүтүп деле дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардан билим алса болорун далилдептирсиз.

Преподаватель английского языка в одном из ВУЗов Китая, кыргызстанец Курманбек уулу Каниет - Sputnik Кыргызстан
Кытайда англис тилинен сабак берген кыргызстандык мугалим. Кызыктуу маек
— Албетте, адам башкысы максат койгонду билиши керек экен. Эгер көздөгөн бир максаты болсо, ага кумурскадай кыбыраса да жетет. Ал үчүн аракет, талбаган мээнет талап кылынат. Эч качан "мен ЖРТдан өтпөй калдым же жаман окучумун" деп өзүн чектебеш керек. Айрымдары так билимдерге жакын болсо, кээ бири адамдар менен жакшы баарлашат. Ошондуктан биринчи максат коюп туруп, ага өзүңдү чектебей жетсең болот.

— Сиз максатыңызга кантип жеттиңиз?

— Мен алыскы Ат-Башы районунун Казыбек айылында төрөлүп, айылдагы эле Нааматбек Үсөналиев мектебинде окугам. Ата-энем бакчада иштеген адамдар. Апам ашпозчу. Билимге кызыгып калышыма ата-энемдин салымы аябай чоң. "Эч нерсе кылбасаң да сабагыңды жакшы оку" деп мага ишенишкен. 7-класста Нарын облусундагы кыргыз-түрк лицейине которушту. Ал жактан да жакшы окудум. Физика сабагынан облустук, республикалык олимпиадаларга катыштым. Мектепти бүтөйүн деп калганда Азиялык олимпиадага барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, бирок ал учурда Түркиядагы окуу жайга даярданып жаткам. Мындан улам андан баш тартууга туура келди. Ошентип лицейди бүткөндө Түркиянын Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин физика факультетине өттүм. Андан соң Түркиядагы эле Билкент университетинде нано-технология боюнча магистратураны аяктадым. 

© Фото / предоставлено Доолосом Айбек уулуДөөлөс Айбек уулу азыр Сауд Аравиядагы алдыңкы окуу жайлардын биринде докторантурада окуп жатат
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат - Sputnik Кыргызстан
Дөөлөс Айбек уулу азыр Сауд Аравиядагы алдыңкы окуу жайлардын биринде докторантурада окуп жатат

— Азыр Сауд Аравияда окуйт экенсиз. Эмне себептен бул өлкөнү тандап алдыңыз?

— Себеби ал жактагы Падыша Абдуллах атындагы илим жана билим технологиялык университети материалдык базасы жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бул жактын лабораториясы абдан жакшы, эң алдыңкы үлгүдөгү компьютер, жабдуулар менен камсыздалган. Чет өлкөлөргө барып конференция, семинарларга катышуу керек болсо, университет финансылык чыгымдарды толук мойнуна алат. Стипендиясы да жакшы.

— Канча стипендия аласыз?

— Магистратурада окугандар жылына 20 миң доллардан стипендия алат, ал эми докторантурада окугандар 25-30 миң доллардан алышат. Мындан сырткары, жатакана акысыз. Жатакана деп деле айта албайм. Эки кабаттуу виллада эки эле адам жашайбыз.

— Сиз ал жакта эмне милдет аткарасыз, кайсы багытта билимиңизди тереңдетип жатасыз?

— Инженер-электрикмин. Тагыраагы, телефон, антенналардын чиптери кандай иштерин изилдейм. 

© Фото / предоставлено Доолосом Айбек уулуАйбек уулу: докторантурада окугандар 25-30 миң доллардан стипендия алышат
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат - Sputnik Кыргызстан
Айбек уулу: докторантурада окугандар 25-30 миң доллардан стипендия алышат

— Кыргызстанга келейин деген оюңуз барбы же сиздин кесип менен бул жактан жумуш табуу кыйынбы?

Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
— Сауд Аравиядагы окуумду эки жарым жылдан кийин бүтүрөм. Докторантурадан кийин дагы илим изилдөөнү улантсам деп ойлоп жатам. Сингапур, Европа, АКШда абдан жакшы лабораториялар бар, ошол жакка баруу бирден бир максатым. Кыргызстанга сөзсүз келем. Алган билимим менен фирмада иштебесем дагы окуу жайларда сабак берип, жаштарга, студенттерге алган илим-билимди үйрөтсөм деген тилегим бар.

Мындан сырткары, АКШда окуган дос бала, Москвада билим алган тааныш байке менен бирге бир чоң долбоор баштайлы деп жатабыз. Анда интернет аркылуу кыргызстандык жаш кыздар-балдарга видео сабак өтөбүз. Бул долбоорду 2021-жылдын январь айынан баштап ишке ашырабыз.

— Сиз окуп жаткан окуу жайда кыргызстандыктар барбы?

— Кыргызстандан үч кишибиз. Ал эми Казакстандан 40ка жакын студент бар. Себеби ал жакта Нурсултан Назарбаев атындагы университет өтө күчтүү.

— Сауд Аравия дегенде эле паранжа тагынган аялдарды элестетебиз. Ал жакта диндин ролу өзгөчө. Бул нерсе силерге таасирин тийгизген жокпу?

— Башында бул өлкөгө барарда бир аз кооптонгом. Бирок сырткы чөйрө таасир эткен жок, намаз деле окубайм. Керелди-кечке окуу жайдын ичинде лабораторияда иштейбиз. Мындан бизде окуган кыздар сыртка чыгаарда жоолук салынып, жамынып алышат. Анткени айлана-тегеректин баары чүмкөнүп жүрөт. Ошондуктан өздөрү эле көчөдө жамынып алышат. 

© Фото / предоставлено Доолосом Айбек уулуАйбек уулу: аэропорттон түшүп жапжашыл тоолорду көргөндө көзүм тоюп, жыргап калам. Ат-Башыга барарым менен ат минем, жайлоого чыгам
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат - Sputnik Кыргызстан
Айбек уулу: аэропорттон түшүп жапжашыл тоолорду көргөндө көзүм тоюп, жыргап калам. Ат-Башыга барарым менен ат минем, жайлоого чыгам

— Кыргызстанда таланттуу, билимдүү жаштар көп. Чет жакта ийгилик жараткан адамдар менен маек чыгарсак эле көпчүлүк жол-жобосун сурап кирет. Учурдан пайдаланып сиз дагы мындай алдыңкы окуу жайларга тапшыруу үчүн жаштар эмнелерди билиши керек экенин айтып бересизби?

— Мен окуп жаткан университетке тапшырууну каалагандар болсо алгач так илимдер боюнча бакалавр, магистратураны аяктады деген диплому болушу керек. Мындан сырткары, англис тил боюнча TOEFL жана IELTS деген эки сынактын бирөөсүн тапшырат. Ошондой эле алдын ала окуу жайдын профессорлору менен таанышып алганы жакшы. Себеби андан тема алып, кайсы тармакта, кандай изилдөө кыла турганыңды жетекчиң менен сүйлөшөсүң.

— Жаштарга дагы кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

Студентка Акылай Батырбекова, будет представлять Кыргызстан на сессии ООН - Sputnik Кыргызстан
4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек
— Мотивацияны сырттан издебей, жогоруда айтып кеткендей, максат койгула деп айткым келет. Ошондой эле убакыт бул акча сыяктуу. Убакытты керексиз нерсеге коротпой, пайдалуу нерсеге жумшаса, сөзсүз жакшы жыйынтык болот. Мисалы, мен телефонуман керексиз тиркемелерди өчүрүп салгам. Ошондой эле жатарда сөзсүз китеп окуйм. Бир саат телефон тиктегендин ордуна жарым саат китеп окуса, ошо көбүрөөк пайда алып келет.

— Кыргызстанга канча убакытта бир келесиз, мекендин эмнесин көбүрөөк сагынасыз?

— Бир жылда бир келгенге аракет кылам. Сауд Аравияда чөл эмеспи. Мындан улам мен мекенимдин жаратылышын, абасын, апамдын тамагын сагынам. Аэропорттон түшкөндө жапжашыл тоолорду көргөндө көзүм тоюп, жыргап калам. Ат-Башыга барарым менен ат минем, жайлоого чыгам.

Жаңылыктар түрмөгү
0