Финпол каржы министринин кабинетин тинттиби? Министрликтин жообу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКандидат на должность министра финансов Бактыгуль Жээнбаева
Кандидат на должность министра финансов Бактыгуль Жээнбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы министрлиги Финполдун атайын даярдыктагы бөлүгү Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүн тинтүүгө албаганын айтып, болгону тергөөнүн алкагында министрликтен документтер алынганын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Финансы министрлиги мекеменин башчысы Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсү тинтүүгө алынганы тууралуу маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Аталган министрлик 26-сентябрда Финполициянын атайын даярдыктагы бөлүгү Сот өкүлчүлүгү борборунун акчаны туура эмес пайдаланганы боюнча документтерди алганы келип, тинтүүнү Жээнбаеванын кабинетинен баштаган деген маалыматтарды четке какты.

"Чындыгында 26-сентябрда Сот өкүлчүлүгү борбору тарабынан акчаны максатсыз пайдалануу боюнча документтерди алуу жүргүзүлгөн. Алар Жээнбаеванын кабинетин эмес, кызматтык колдонуу үчүн документтер сакталган жерди караган. Текшерүү министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда өткөн", — деп айтылат маалыматта.

Документтерди алууга министр уруксат берген.

Буга чейин Жээнбаева суракка чакырылганы айтылган. Министрлик бул маалыматты төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0