Айлык көтөрүлгөндөн кийин мугалимдер канча алат. Таблица

Жазылуу
Октябрь айынан тарта билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 30 пайызга жогорулайт. Финансы министрлигинен буга сарпталчу акча даяр экенин айтышты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгы канчага көтөрүлө турганын көрсөткөн таблица жарыялады.

Эске салсак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгы октябрь айынан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Ал эми 30-сентябрь күнү Финансы министрлиги бул максатка каражат табылганын маалымдады. 

Салыкты эске алганда мугалимдердин айлыгы канчага көтөрүлөт
Айлык көтөрүлгөндөн кийин мугалимдер канча алат. Таблица - Sputnik Кыргызстан
Салыкты эске алганда мугалимдердин айлыгы канчага көтөрүлөт

Таблицада салыктар жана социалдык төлөмдөр алына электеги цифралар көрсөтүлгөн. Билим берүү министрлигинен төлөмдөр болжол менен айлыктын 18 пайызын түзөрүн кошумчалашты.

Маалыматка караганда, мында орточо айлык көрсөтүлгөн. Иш тажрыйбасына, сабактын саатына жараша жана башка төлөмдөрдү эске алганда ар кайсы мугалимдики мындан жогору же төмөн болушу ыктымал.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0