ЕЭАБ өлкөлөрүнүн автобустагы президенттери. Пашиняндын жаңы селфиси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗаседание Высшего Евразийского экономического совета (ВЕЭС)
Заседание Высшего Евразийского экономического совета (ВЕЭС) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул саммиттен тартылган, президенттер чогуу отурганда жасалган экинчи селфи болду. Буга чейин Сингапур лидери сүрөт жарыялаган.

БИШКЕК, 2-окт.- Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Facebook тармагындагы баракчасына ЕЭАБ өлкөлөрүнүн лидерлери менен жасаган селфисин чыгарды.

Сүрөт кичиавтобуста тартылган. Анда Пашинян Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен алдыңкы катарда отургандыгын көрүүгө болот. Алардын артында Молдова менен Ирандын лидерлери Игорь Додон менен Хасан Роухани отурат. Кийинки катарга Россия жана Казакстан президенттери Владимир Путин менен Касым-Жоомарт Токаев орун алган.

"Жолдогу селфи. Бул учурда маанилүү чечимдерди кабыл алганга жетиштик",- деп жазган ал.

Бүгүн Ереван шаарында ЕЭАБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өткөн. Бул иш-чарадан Сингапур лидери да селфи жарыялаган эле.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0