Министр: акча чогулткан директорлор менен мугалимдер иштен алынат!

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБилим берүү министри Каныбек Исаков. Архив
Билим берүү министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр тиешелүү буйрукка бүгүн кол койду. Ага ылайык, маданий-массалык жана башка иш-чараларга каражат чогултууга тыюу салынат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Министр Каныбек Исаков жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, окуучулардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражатын талап кылууга тыюу салды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Министр тиешелүү буйрукка бүгүн кол койду. Ага ылайык, маданий-массалык жана башка иш-чараларга да каражат чогултууга тыюу салынат.

"Мындан сырткары, камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды", — деп айтылат маалыматта.

Президент Алмазбек Атамбаев посетил школу-интернат имени Тоголока Молдо - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдердин айлыгы категориясына жараша канчага көтөрүлөт? График
Ошондой эле мыйзамсыз негизде акча чогултуу фактылары болбошу үчүн ыкчам байланыш линияларын жана ишеним үкөктөрүн уюштуруу тапшырылды.

Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгер жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык жактан басым көрсөтүлгөн факты аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0