Ош облусунда жер титиреди

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Ош. Ошская область
Город Ош. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер түшкө жуук силкинген. Маалыматта бул Ош облусунун Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында болгону айтылды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн 12:37де Ош облусунда күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталгандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине адис Замир Дүйшеев жер титирегенде адам өзүн жоготпой, кырдаалдан чыгуунун жолун кантип издеши керектигин айтып берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0