Кыргызстандагы унаалар жөнүндө бардык маалымат камтылган сайт ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПерекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза
Перекрытие площади Ала-Тоо для подготовки к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү үчүн portal.srs.kg порталынын "Транспорт" деген бөлүгүнө кирип, автонун номерин жазуу керек. Кызмат акысыз. Сервисти Megapay мобилдик тиркемеси аркылуу дагы колдонсо болот.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. www.portal.srs.kg электрондук кызматтар порталында Carcheck сервиси ишке кирди. Аны транспорт каражаты тууралуу маалыматты билүү үчүн колдонсо болорун Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Сервисти "Инфоком" ишканасы иштеп чыккан.

"Carcheck автоунаа жөнүндө кызыктуу маалыматтарды билгенге жардам берет. Мисалы, машина күрөөдө турган-турбаганын, жол эрежесинин бузулушу боюнча айып пулдардын суммасын, мурдагы кожоюндары жана айрым учурда техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берет", — деп айтылат билдирүүдө.

© скриншот с портала portal.srs.kgCarcheck сервиси
Кыргызстандагы унаалар жөнүндө бардык маалымат камтылган сайт ачылды - Sputnik Кыргызстан
Carcheck сервиси

Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айдоочуларга жаңы күбөлүк берүү мөөнөтү жылды
Текшерүү үчүн portal.srs.kg порталынын "Транспорт" деген бөлүгүнө кирип, автонун номерин жазуу керек. Кызмат акысыз. Сервисти Megapay мобилдик тиркемеси аркылуу дагы колдонсо болот.

"Кызматтын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири автоунааны сатып алып жаткан адам кийин көйгөйлөр жаралып калбашы үчүн алдын ала текшерип алса болот", — деп түшүндүрүштү Мамкаттоо кызматынан.

Долбоор ушул жылдын 1-октябрынан тарта 2020-жылдын 1-апрелине чейин пилоттук негизде иштейт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0