Комиссия отурумунда Атамбаевдин үйүндөгү курал кантип чыгарылганы айтылды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVАтамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция. Архив
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курал-жарактар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн үчүнчү кабатындагы кулпу салынган бөлмөдө турган. Милиция кызматкерлери куралдарды алып кетүү үчүн түн ичинде келишкен.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун командири Аскат Султаналиев август айынын башында Кой-Ташта болгон окуялар маалында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү курал-жарак кантип алынып чыкканын мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумунда айтып берди.

© Sputnik / Расул УсеналиевИчки иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун командири Аскат Султаналиев
Комиссия отурумунда Атамбаевдин үйүндөгү курал кантип чыгарылганы айтылды - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун командири Аскат Султаналиев

Анын айтымында, курал-жарактар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн үчүнчү кабатында кулпу салынган бөлмөсүндө турган. Милиция кызматкерлери куралдарды алып кетүү үчүн түн ичинде келишкен.

"Курал турган үчүнчү кабаттагы бөлмөгө кулпу салыныптыр. Ички аскерлердин балдарына "кулпуну ача турган жабдыктар барбы?" деп сурадым. Кудай жалгап, бат эле ачып коюшту. Өзүмдүн орун басарыма "курал-жарактын баарын алып чыккыла, мен биринчи кабатта эл менен сүйлөшүп турам" дедим. 2-3 мүнөттүн ичинде эле орун басарым "үстүнө чыгыңыз" деди. Барсам курал-жарактын баары жерде экен. Аны кандай кылып алып чыгабыз деп калышты. Мен "тигил одеялону алгыла, ошого салгыла" дедим. Курал-жаракты одеялого ороп, сыртка алып чыгып суу атуучу автоунаанын артына салдык", — деди Султаналиев.

Контрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун издөөдөгү баласы кайсы өлкөгө чыгып кеткени айтылды
Ал ошондой эле курал салынган машинаны жоокерлердин жана башка бөлүмдөрдүн жетекчилери менен Стрельников айылы жак менен өзүлөрүнүн базасына алып барганын айтты. 9-августтун таңында ыкчам тергөө тобу келип курал-жаракты акт менен кабыл алганын кошумчалады.

Султаналиев курал-жарак салынган автоунаа түнү менен жоокерлердин кайтаруусунда болгон деп мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн ишендирди.

7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин жактоочулары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. 8-августта укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0