Душ. Архив

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу өчөт

66
(жаңыланган 15:14 03.10.2019)
"Бишкексууканал" ишканасы "Түндүк" суу кампасында профилактикалык иштерди аткарат. Буга байланыштуу бир катар аймактарда 10 саатка суу өчөт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бүгүн, 3-октябрда, Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Бишкексууканал" ишканасы "Түндүк" суу кампасында профилактикалык иштерди аткарат. Буга байланыштуу эртең мененки саат 09.00дөн кечки саат 19.00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельск көчөлөрү жана Ала-Арча дарыясы менен чектешкен аймакта ысык суу жок болот. Толук тизме менен мэриянын сайтынан таанышсаңыздар болот.

"Бишкексууканал" ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.

66
Белгилер:
ысык суу, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр