Катардын дарыгерлери Кыргызстанга келип акысыз операция жасашы мүмкүн

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүХирург. Архив
Хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук уюму Кыргызстандын аймактарына медициналык мекемелерди куруп берүү ниетин билдирген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Катардын дарыгерлеринин кыргызстандыктарга акысыз операция жасоо маселеси каралып жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министр Космосбек Чолпонбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолуккан. Анда элчи кайрымдуулук уюму медициналык мекемелерди курууга каражат берүүгө даяр экенин айткан. Ошондой эле ал Кызыл-Кыядагы оорукана жакын арада курулуп бүтөрүн маалымдаган.

"Биз өлкөнүн аймактарына ооруканаларды куруу жана материалдык-техникалык базаларды жаңылоо боюнча саламаттык сактоо секторуна жардам берүүгө ынтызарбыз", — деп айткан Катардын элчиси.

Кийинчерээк кошумча дагы жолугушуу өткөрүп, оорукананын айрым маселелери жана катарлык дарыгерлердин жергиликтүү адистер менен биргеликте акысыз операция жасоо маселесин талкуулашат. Операциянын жол-жобосу тууралуу азырынча айтыла элек.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0