Жол ондоо иштери. Архивдик сүрөт

Бишкектин чок ортосундагы көчөнүн бир бөлүгү жабылат

72
(жаңыланган 15:21 03.10.2019)
Аталган аймакка жылуулук түтүктөрү орнотулат. Мэриядан билдиришкендей, жол үч жума бою унаалар үчүн жабык болот.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бүгүн, 3-октябрда, Абдымомунов көчөсүнүн Исановдон Манас проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Кайнар" ишканасы аталган аймакка жылуулук түтүктөрүн орнотот. Андан соң жолго асфальт төшөлүп, калыбына келтирилет. Көчөнү 24-октябрда ачуу пландалууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
72
Белгилер:
жол, көчө, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр