БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. ИИМдин Ички аскеринин ротасы Баткендин чек арага жакын аймагына тартылды.
ИИМ Ички аскеринин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, рота Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектептин базасында жайгашкан. Жоокерлер элдин коопсуздугуна көз салып, Баткендин чек арага жакын тилкелеринде чыр-чатактын алдын алуу боюнча иш алып барат.
Аталган орто мектептин имараты учурда оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаңжал коңшу өлкөнүн чек арачылары дарбаза куруп жаткан кыргызстандыктан ишин токтотууну талап кылгандан кийин чыкканын билдирген. Сөз ырбап, атышууга чейин барган.
Саламаттык сактоо министрлиги чырдан 13 киши жарадар болуп, бир жоокер каза тапканын белгилеген. Ал эми ЖМКлардын жазганы боюнча тажик тараптан үч чек арачы көз жумган.
Эртеси, 17-сентябрда, эки өлкөнүн премьер-министрлери жолугуп, түзүлгөн кырдаалды талкуулашкан. 18-сентябрь күнү Чек ара кызматы тажикстандыктар такталбаган тилкеде жасалып жаткан курулуш иштерин токтотконун маалымдаган.
Ал эми кыргыз өкмөтү эки тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу да айтып берген.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Улуттук статистика комитети келишим түзгөндөрдүн 858и ар кандай учурга туш келип, 14,2 миллион сом алганын айтты.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.
Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.
"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.
Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.