Милиционеры Октябрьского района Бишкека помогли мужчине, просившему милостыню на дороге в столице

Милиция колундагы баласы менен кайыр сураган кишиге жардам берди. Сүрөт

283
(жаңыланган 12:58 04.10.2019)
Милиционерлер үй-бүлөгө азык-түлүк, балдарга оюнчук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулткан акчаны тапшырган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкектеги Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери көчөдө баласы менен кайыр сураган кишиге жардам беришти. Бул тууралуу РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ал уулу менен ары-бери өткөн автоунаа айдоочуларынан кайыр сурап турган видео социалдык тармактарга тараган. Мындан улам талкуу жаралып, колдонуучулар машиналар кымгуут каттаган жердеги бөбөктүн коопсуздугуна тынчсызданышкан. Sputnik маалымат агенттиги үй-бүлөнүн тарыхы тууралуу видео тарткан.

  • Милиционеры Октябрьского района Бишкека помогли мужчине, просившему милостыню на дороге в столице
    Бишкектеги Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери көчөдө баласы менен кайыр сураган кишиге жардам беришти.
    © Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района Бишкека
  • Милиционеры Октябрьского района Бишкека помогли мужчине, просившему милостыню на дороге в столице
    3-октябрда, милиционерлер 51 жаштагы Таалай Ушумбаевдин үйүнө барышкан. Алар үй-бүлөгө азык-түлүк, балдарга оюнчук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулткан акчаны тапшырышты.
    © Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района Бишкека
Бишкектеги Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери көчөдө баласы менен кайыр сураган кишиге жардам беришти.

Бүгүн, 3-октябрда, милиционерлер 51 жаштагы Таалай Ушумбаевдин үйүнө барышкан. Алар үй-бүлөгө азык-түлүк, балдарга оюнчук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулткан акчаны тапшырышты. Милициянын өкүлдөрү мындан ары дагы үй-бүлөгө жардам берүүнү убадалашты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
283
Белгилер:
суроо, кайыр, жардам, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Үч жолу эгиз төрөгөн Наргиза: "балдарың көп экен" деп көбү батир бербейт
Бир жашар уулу менен кайыр сураган адамдын чоо-жайы белгилүү болду. Видео