Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиев. Архивдик сүрөт

Өкмөт Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын кантип өткөрүп жатканын айтты

319
(жаңыланган 13:01 04.10.2019)
Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон.

Учурда уюштуруу комитети пландарын аткарууга киришкени маалым болду. Ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объектилерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

"Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейлик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык мааракесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда", — деди маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов.

Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

"Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон таасири баа жеткис. Чыгаан инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү бардыгыбыз үчүн үлгү болуп саналат. Ал чыныгы мекенчил жана анык мамлекеттик ишмер катары элине кызмат өтөдү. Ушундан улам биз Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө тийишпиз", — деген Боронов.

Турдакун Усубалиев Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанып-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 2015-жылы 6-сентябрда каза болгон.

319
Белгилер:
жыйын, маараке, ишмердүүлүк, Турдакун Усубалиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Усубалиевдин ысымы тоонун чокусу менен Бишкектеги эски аянтка ыйгарылат
Мамбетакунов: Турдакун Усубалиев тууралуу даректүү тасма тартылып жатат
Жолду өтүп бараткан окуучу. Архивдик сүрөт

Мектептер ачылат, балдарга аяр мамиле жасагыла! Милиция айдоочуларга эскертти

100
(жаңыланган 21:28 17.01.2021)
Борбор калаанын милициясы айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.

ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.

"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.

Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.

100
Белгилер:
эскертүү, мектеп, окуучу, Бишкек
Тема боюнча
Эки топко бөлүнүп, 20-25 мүнөттөн окушат. Мектептеги окуу боюнча 6 суроого жооп
Муз каптаган жол. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

44
18-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-январда, күндүзү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, ал эми Нарын жергесинде -2...-7 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +11...+13, ал эми Ошто +13...+15 градусту көрсөтөт.

44
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, январь
Тема боюнча
Күн жылып жаз чакырат. Бир жумага карата аба ырайы