Табышып койгула! Бишкекте 13 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

© AFP / KARIM SAHIBБеженцы в Ираке
Беженцы в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция жоголуп кеткен кыздын сүрөтүн жарыялап, көргөн-билгендер болсо укук коргоо органдарына кабарлап коюуну өтүнүүдө.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкекте бир жума мурда жоголуп кеткен 13 жаштагы Мадина Киемова изделип жатат. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Өспүрүм 28-сентябрь күнү саат 19.00дө Волков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Үстүнө ак кофта, көк түстөгү PUMA деген жазуусу бар спорттук кийим, кара жинсы, бутуна ак бут кийим кийип жүргөн.

Белгилери: бою 163-165 сантиметр, салмагы 50-55 килограмм, чачы узун, күрөң түстө, кашы күрөң, кой көз.

Өспүрүм тууралуу маалыматы барлар 0 (312) 56-17-52, 0 (554) 10-21-48, 0 (705) 99-99-53, 0 (703) 10-22-61, 0 (312) 56-32-48 жана 102 номерине кабарлап койсо болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0