Жумабеков дүйнө чемпиону Муртазалиевди кабыл алып, сыйлады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВстреча торага Дастанбека Джумабекова с чемпионом мира по грэпплингу Абдрахманом Муртазалиевым
Встреча торага Дастанбека Джумабекова с чемпионом мира по грэпплингу Абдрахманом Муртазалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдурахман Муртазалиев грэпплинг UWW боюнча таймаштын финалында польшалык атаандашын жеңип, чемпиондук курду тагынган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Директор ГАФКиС Канат Аманкулов встретился с  Айсулуу Тыныбековой, Абдурахманом Муртазалиевым - Sputnik Кыргызстан
Спорт агенттигинин жетекчиси Тыныбекова менен Муртазалиевди кабыл алды. Сүрөт
Муртазалиевди жеңиши менен куттуктаган Жумабеков спортчулардын талыкпаган эмгегинин арты менен эл аралык деңгээлдеги таймаштарда жана дүйнөлүк чемпионаттарда Кыргызстандын желеги желбиреп жаткандыгын айткан.

Парламент төрагасы спортчуга ийгиликтерди жана мындан ары да жеңиштерди каалаган.

Маалыматта кичинекейинен спортко кызыккан Муртазалиев бир тууганы менен бирге Kyrgyzstan Top Team академиясында машыгып келгени жазылган.

Эске салсак, 23-сентябрда Абдурахман Муртазалиев грэпплинг UWW боюнча таймаштын финалында польшалык атаандашын жеңип, чемпиондук курду тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0