Жашылча жемиштер. Архив

Бишкекте айыл чарба продукциясынын жарманкеси кайрадан жанданат

204
(жаңыланган 14:35 07.10.2019)
Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү уюштурулат. Ал эми "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тегерек-четти иретке келтирет.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Көпчүлүктүн суроо-талабы менен арзан баада сатылган айыл чарба продукциясынын жарманкеси кайрадан жанданат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарманкелер ар жуманын дем алыш күндөрү иштейт.

Октябрь району (ар бир дем алыш күндөрү):

  • Гапар Айтиев менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн ортосундагы Нуркамал Жетикашкаев көчөсүндө;

Свердлов району:

  • Төрөкул Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши (Чыгыш-5 кичирайонундагы суунун жээги);

"Дем алыш күндөрү Чүй облусунан Бишкек шаарына айыл чарба продукциясынын 120 түрү алып келинет. Жарманкеге биринчи жолу Нарын облусу катышып, эт, картошка, пияз сатылат. Ошондой эле 40 айыл чарба ишканасы сүт азыктарын, колбаса жана консервацияланган азыктарды сунушташат", — деп айтылат маалыматта.

Ар бир жарманкеден кийин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тегерек-четти иретке келтирет.

204
Белгилер:
Бишкек мэриясы, айыл чарба продукциясы, жарманке, Бишкек
Тема боюнча
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдайт
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив

Мыйзамсыз байыган. Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге иш козголду

69
(жаңыланган 18:03 27.11.2020)
Финансы полициясынын кызматкерлери 2020-жылдын ноябрь айында мурдагы аткаминердин үйүн тинтүүгө алган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматта Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганы айтылат.

"Мурдагы вице-премьер С.Т. мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган. Кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган", — деп айтылат маалыматта.

Финпол бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сарпашев суракка чакырыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген. 2020-жылдын ноябрь айында Финпол анын үйүн тинтүүгө алган.

Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн. Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турган.

69
Белгилер:
мүлк, кылмыш иши, финансы полициясы, Тайырбек Сарпашев
Тема боюнча
Бакиевдин жакындарына жардам берген. Бишкекте мурдагы судья кармалды
Октябрь районунун мурдагы акими Куценко үй камагына чыгарылды

Эстеп көрөлү. Макгрегор менен Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды

37
(жаңыланган 17:45 27.11.2020)
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды. Ал ирмемдерди уюмдун Facebook баракчасынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ирландиялык мушкер америкалык спортчу менен 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен утуп алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун кайрадан октагонго чыгары күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кийинки жылдын 23-январында болот.

Эки мушкер тең буга чейин россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.

37
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, Конор Макгрегор, Дастин Порье
Тема боюнча
Эже-сиңди Шевченколордун энеси дүйнө чемпиону болду. Видео
Ар бир булчуңдун кыймылы көрүнүп... Шевченко катышкан турнирден өзгөчө видео
Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео