Жыл сайын 5000 педагог чыгат. Өлкөдөгү мугалимдер тууралуу кызыктуу фактылар

Жазылуу
Жыл сайын октябрдын биринчи дем алышында дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө мугалимдер күнүн белгилешет. Бул майрам 1994-жылы негизделген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда октябрь айынын биринчи дем алышында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Муну утурлай Улуттук статистика комитети мугалимдер тууралуу кызыктуу фактыларды жарыялады.

— Ушул тапта Кыргызстанда 4000ден ашуун мектепке чейинки, жалпы, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери иштейт. Аларда 1,7 миллионго жакын адам билим алат;

— Бул билим берүү жайларында 108 миңге жакын педагог эмгектенет. Алардын арасынан олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт;

Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш мугалим менен жаш дарыгердин айлыгына канча акча кошулат? Депозиттин чоо-жайы
— Орто мектептерде 78 миң окутуучу бар. Алардын 22 миңи шаардык, 56 миңге жакыны айылдык мектептерде;

— Кыргызстанда мугалимдик кесипти салттуу түрдө аялдар көп аркалайт. Мисалы, мектептердеги окутуучулардын 85 пайызын аялдар түзөт.

— Мектептерде иштеген алардын 30 пайызга жакыны жетекчилик кызматтарды аркалайт;

— 2018-2019-окуу жылынын башына карата мугалимдердин 87 пайыздан ашууну жогорку билимге ээ экени аныкталган;

— Шаардык мектептерде бир мугалимге орточо эсеп менен 20 окуучу туура келсе, айылдык мектептерде 15 окуучу туура келет.

— 2018-2019-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайларында 5 миңден ашык педагог бүтүп чыккан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0