Автомат кармаган милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкек милициясында ок атылды. Башкармалыктын расмий жообу

746
(жаңыланган 14:39 07.10.2019)
Бишкек ШИИБинин аймагында ишемби күнү атайын салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, жоокерлер асманга ок атышкан.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы интернет колдонуучулар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ибраимов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги имаратынын жанында жарылуу болуп, ок атылганын айтышты.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы ишемби күнү, 5-октябрда, башкармалыктын аймагында бир нече жолу ок атылганын тастыктады. Мекемеде Кылмыш иликтөөнүн уюшкандыгына карата майрамдык иш-чара өтүп, атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери ички иштер органынын ардагерлерине өздөрүнүн даярдыгын көргөзүшкөн.

746
Белгилер:
жардыруу, ок атуу, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Кара-Суудагы атышуу: жабырлануучу өзүн-өзү атканын айтты. Видео комментарий
Шаарда сирена уктуңузбу? ӨКМ эмне кылыш керектигин айтты