Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп болду?

97
(жаңыланган 14:39 07.10.2019)
Президент Жээнбеков кесиптешин туулган күнү менен куттуктагандан сырткары кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулаган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалаган.

Ошондой эле мамлекет башчылар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон бүгүн 67 жашка чыкты.

97
Белгилер:
куттуктоо, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Ушуну менен токтоп калбайбыз! Жээнбеков мугалимдерди куттуктады
Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылына ИИМдин ички аскеринин ротасы тартылды