Эл арасында "аялдардын ортосунда чыныгы достук болбойт" деген кеп бар эмеспи. Анткен менен бир топ жылдан бери сырдашып, эже-сиңдидей болуп калган кыз-келиндер деле бар.
Бул жолу Sputnik Кыргызстан аялдар арасындагы достуктун сакталышы үчүн кандай эрежелерди кармана жүрүү керектигине кызыгып көрдү. Суроолорубузга этикет мугалими Нуржан Исмаилова жооп берди.
Курбу жардам сураган учурда, колдон келип турса, баш тартпай эле койгон жакшы. Анткени ал адам сизге ишенгенинен кайрылып жатат. Бирок бул жардам сизге залакасын тийгизип коё турган болсо, болгонун болгондой түшүндүрүңүз. Чыныгы дос болсо, сиздин кызыкчылыгыңызга каршы иш кылбайт.
Эгер өз оозуңузга ээ боло албасыңызга көзүңүз жетсе, курбуларга "мага сырыңды айтпа" деп эртерээк эскертип койгон оң. Бул кийин анын жашырган нерсеси жайылып кетип, экөөңөрдүн чыр-чатагыңардын алдын алат.
Ошондой эле достун артынан сүйлөп, анын кемчиликтерин бирөө менен талкуулоо жат көрүнүш. Башка адам менен ал тууралуу сүйлөшүп жатканда, курбунун бетине айта ала турган гана сөздөрдү сүйлөңүз. Андан ашыгы ушак болуп эсептелет.
Идеалында курбулардын жигиттерге карата табити эки башка болгону жакшы. Бирок жашоодо болбой эле бир жигитти жактырып калган курбулар бар. Эгер достук кымбат болсо, курбунун жигитине же жолдошуна көз артпай эле койгон туура. Албетте, ортоңордо чыныгы, жалындаган сүйүү пайда болуп калса, экөөңөр бактылуу үй-бүлө болобуз деп көзүңөр жетип турса, башка кеп. Бирок күнүмдүк кызыкчылык үчүн эки жаштын ортосуна жарака кетирбей эле койгон туура.
Себебин түшүндүрбөй деле койсок болот.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Дарыгерлер куурулбаган жер жаңгак, грек жаңгагы жана ашкабактын уругу адамдын өмүрүн узарта турган касиетке ээ экендигин билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости дарыгерлер Елена Малышева менен Андрей Продеустун айтканына таянып жазды.
Алар Биринчи каналдын эфиринен өсүмдүк белогуна бай азыктардын пайдасын кеп кылышкан.
Белок өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын белогу деп бөлүнөт.Медиктердин айтымында, жаныбарлар белогун өсүмдүктүкүнө алмаштырганда онкологиялык оорулардан, кан басымынын жогорулашынан, инсульт жана инфаркттан каза болуу кооптуулугу азаят.
Малышева өсүмдүк белогунун суткалык нормасы 60 грамм жер жаңгагында, грек жаңгагы менен ашкабактын уругунда сакталарын айткан.
"Орточо эсеп менен 100 граммга алганда арахисте 25,8 грамм, ашкабак уругунда 24,5, грек жаңгагында 24,1 грамм белокту толуктайт", — деген Продеус.
Адистер өсүмдүк белогу курамында болгон азыктардын катарын төө буурчак менен буурчак да толуктарын билдиришкен.
Адистер буга башаламан сексуалдык жашоо себеп экенин, мындай илдеттер аял-эркекти бирдей тукумсуздукка кептей турганын эскертишти.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргызстандык кыз-келиндер көбүрөөк жабыркаган гинекологиялык оорулар тууралуу билди. Арасында жыныстык катнашка тиешеси жок башка олуттуу дарттар бар.
Ооруда жыныстык мүчөдөн жагымсыз жыты бар суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, ичтин ылдый жагы ооруп, заара ушатканда ачышып кыйналат. Бул илдет өтүшүп, өнөкөткө айланып калганда тукумсуздукка чейин алып келиши ыктымал.
Сифилис — жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системасын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Аялга оору жыныстык катнаш аркылуу, ал эми энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт маалында, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн.
Гонореяны кыргызча сүзөк деп дагы атат жүрүшөт. Бул оору жыныстык катнаштан сырткары оорулуу адам колдонгон сүлгү, дене жышыгыч жана башка көп колдонгон буюмдардан жугат. Илдетти гонококк микробу пайда кылат.
Гонорея өнөкөт түрүнө өткөндө суукка урунганда, өтө чарчаганда, этек кир келгенден кийин кайталап кармап турат. Сүзөк кээде ичегини, көздү жана кекиртектин былжырын да сезгентет.
Ооруда жыныс органынын сыртына жана былжырына исиркектер чыгып, катып кургап калат. Дарыгерлер жараны кетирип бергени менен вирус адамдын организминде өмүр бою сакталат. Мындай оорулуулар төшөктөгү өнөктөштөрүнө ооруну жуктуруу коркунучу бар. Адистер ошол себептен ар ким менен эле жыныстык катнашка барбоого чакырып, оорудан сактоочу каражаттарды колдонууну сунуштайт.
Бул дарт Кыргызстанда аябай кеңири тараган. Аны менен аял да, эркек да ооруйт. Жыныстык мүчөдөн сары көбүктөнгөн суюктук чыгып, кычыштырып, заара кылууда оорутат.
Иммунитет түшкөндө, гормоналдык бузулууларга учураганда жана жыныс мүчөсүнүн ичиндеги микрофлоралар бузулганда трихомониаз оорусунун өсүшүнө же пайда болушуна шарт түзүлөт.
Бул дарт эркектерден жугат, бирок аялдар жабыр тартат. Аз сандагы гарднерел ар бир дени сак аялдын жыныстык органындагы микрофлорада болот. Бирок гарднерел менен лактобактериялардын катнашы бузулганда оорунун белгилери сезилет. Ал негизинен жыныстык жол менен жугат. Илдет кош бойлуулук мезгилинде кесепетин тийгизет.
Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнөт да ыңгайсыздык жаратат. Айрым учурларда аялдардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында арылуу керек. Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.
Бул оору көбүнчө жаш кыздарда кездешет.
Негизинен вульвовагинит менен өспүрүм курактагы кыздар көбүрөөк ооруйт. Илдетти ичеги таякчалары, гельминтоз (острица), экссудативдүү диатез, инфекция шарттайт.
Оору козголгондо кычышуу жаралат да ириң сымал суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Гигиенаны жакшы сактап, жыныс органдарын таза кармоо кажет. Аталган ооруга чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинекологго кайрылуу зарыл. Дарыгер гана так диагноз коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.
Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу оорудан тез сакайтат.
Миома — жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык жашоодон канааттанбаганда пайда болот.
Миома болгондо жатындан чыккан суюктук кан түрүндө келе баштайт, ал эми айыз маалында каны токтобой узак убакыт келет. Жамбаш сөөк, бел, бут ооруксунат, ичеги менен табарсык кысылат.
Миомада мончого түшүп, күнгө кактанууга болбойт. Ысык шишиктин чоңоюп кетишин өбөлгөлөйт.
Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот. Аялдарда киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, бойдон алдырууда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот.
Ооруда этек кир келерде жана келип жатканда ич менен бел ооруйт, этек кир узакка созулуп, кан көп келет, кээде коюуланып, бойго бүтпөй, жыныстык катнаш учурунда ооруксунтат.
Бул ооруга кээде сексуалдык жашоо менен жашабаган кыздар дагы кабылып калышы мүмкүн.
Жатын моюнчасынын эрозиясы — аялдын жыныс мүчөсүндөгү жатын моюнчасынын былжыр челинин жаракатка кабылуусу. Эрозия жатын моюнчасында челди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Жыныстык катнаш учурунда оорутат жана кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат. Жара ачык кызыл түстө жана тегерек формада болот.
Бул ооруга ар кандай курактагы кыз-келиндер, аялдар чалдыгышы мүмкүн. Адатта төрөт учурунда жыныс мүчөсү жаракатка кабылган же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда көп кездешет. Эрозиянын пайда болуусунун себептери — инфекция, жыныстык катнашка эртелеп баруу, жатын моюнчасынын сезгенүүсү, организмдеги гормоналдык бузулуу, иммунитеттин түшүшү, жыныстык катнаш учурундагы этиятсыздык жана башкалар.Жатын моюнчасынын эрозиясын аныктоо кыйынчылык деле туудурбайт, дарыгердин бир текшерүүсү жетиштүү. Эрозияны текшерүү үчүн гинеколог жатындан мазок (жука челден былжырды сүртүп алуу) тапшырууну сурайт. Андан соң кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат.
Жатын моюнчасынын эрозиясы белги бербей, оорутпай жүрө бериши мүмкүн. Бирок биринчи кезекте ооруга кабылган аял сырттагы инфецияларга туруштук бере албайт, төрөбөй калышы мүмкүн. Андан да кооптуу нерсе — өтүшүп кеткенде жатындын залалдуу шишигине (ракка) алып келет.
Онкологдор менен гинекологдор бул оору жашарып баратканын айтышууда. Жатын моюнчасынын рагы паппилома вирусу аркылуу пайда болот. Оору жыныстык катнашта, төшөктө өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштырган учурда жаралат.
Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы сунушталат.
Адистер төшөк маселесинде этият болуп, сактануучу каражаттарды колдонууну сунуштайт. Сексуалдук катнаш аркылуу жуга турчу оорулар жыныс органдарын жабыркатуу менен тукумсуздукка кептейт. Ошондой эле пландалбаган кош бойлуулукту алдын алып, абортко баруудан алыс болууга чакырышат. Анткени бойдон алдыруу бүтүндөй организм үчүн стресс, толгон-токой ооруну чакырары талашсыз. Жеке гигиенаны сактап, таза жүрүүгө, туура тамактанып, спорт менен алектенип, жылуу кийинип жүрүүгө кеңеш берилди. Гинекологго жарым жылда же бир жылда бир барып туруу керек.