БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыздар эркектеги кайсы сапаттарды баалай турганын "Известия" психолог Александр Шаховго шилтеме берип жазды.
Адис негизги жети сапатты санап берген. Биринчиден, эркек аял ага ишенип, жөлөнүп-таянып жашай алгыдай болуп, жоопкерчиликтүүлүгүн белгилеген. Сөзүнө туруп, кылган ишине жооп бере билген мырзалар аялдарга көбүрөөк жагат.
Шаховдун пикиринде, мамиледе берилгендик дагы чоң мааниге ээ. Ал берген убадасын аткарууга даяр эмес жигиттерди үйлөнбөй турууга кеңеш берген.
Ошондой эле эркектер чечкиндүү жана койгон максатына жете билиши керектигин кошумчалаган.
Андан тышкары, сүйлөшкөн кызынын дене мүчөсү ойдогудай болушун каалагандар өздөрү дагы ошондой талапка жооп бериши керек.
Соңунда адис аялдарга романтика тартуулап, сүйүүсүн билдирип турууну сунуштаган.