Ит кол салса эмне кылыш керек. Адистердин пикири

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде бул үй жаныбары сизди тиштеп алса, водород перекиси же суу менен бир топко жууп, ал эми айланасына йод сүйкөп, таза бинт менен таңып коюңуз.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эгерде көчөдө, сыртта жүргөндө ит кол салса, аны коркутуш үчүн бек-бек сүйлөп, ага каршылык көрсөтүп жатканыңызды билдирүү абзел. Бул туурасында Россиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин сайтында жазылган.

"Эгерде ит капса же кол сала турган өңдөнсө, катуу-катуу, буйрук бере сүйлөш керек. Адатта кубалаганда айтылган "Кет!", "Жат!", "Чык!" деп буйрук берчү үн менен өктөм айтыңыз. Кээ бир учурда кудай жалгап, ит жалтайлап калат да, акырын четке чыга берет. Ал эми коргонуучу курал катары кол чатыр (эгер көтөрүп жүрсөңүз), таш, таяк менен тап берген жакшы. Бирок далыңызды итке салбаңыз. Анан, албетте, тегеректегилерди жардамга чакырып катуураак кыйкырыш керек", — деп айтылат маалыматта.

Адистер такыр эле арга жок калса, колго кийип жүргөн күрмө, плащь, пиджак болобу, орой коюп, колду суна салып, тиштейм деп камынганда тумшукка катуу чаап үлгүрүңүз. Эске салсак, мурду, чаты жана тили - иттин эң талуу жерлери.

Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу
"Жаныбар сизди баары бир тиштеп алганга жетишсе, водород перекиси же суу менен бир топко жууп, ал эми айланасына йод сүйкөп, таза бинт менен таңып коюңуз", — деп айтылат маалыматта.

Эгерде жаалданган ал жаныбардын ээси болсо, кутурмага каршы эмдөө кылдырды беле же жокпу, андан тактап сураңыз. Кандай болгон күндө да жакын арадагы оорукана, травмпунктка кайрылып, медиктердин жардамын алыңыз.

Андан сырткары, милиция менен санитардык кызматка иттин ээсинин так дарегин айтып, кабарлап коюңуз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0