Бишкектик студент, ишкер Тилек Жумабеков

Бишкектик ишкер аарынын үстүнө уктоону сунуштайт. Өзгөчө бизнес тууралуу маек

789
(жаңыланган 15:03 07.10.2019)
Бишкектик студент Тилек Жумабеков үч жылдан бери бал челек кармайт. Жакындан бери ал жыгачтан чакан үйлөрдү курду. Ичине кирсеңиз бал челектин үстүндө уктагандай эле таасир калтырат.

"Ансыз да бизге бал жетишпейт, ал эми бул продукцияга суроо-талап күч. Ушундайда чоочун жерге кетүүнүн кажети канчалык?" — дейт кыргызстандык жаш ишкер жаштардын сыртка агылып жатканы боюнча оюн ортого салып.

Студент Тилек Жумабеков, занимающийся производством меда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектик студент Тилек Жумабеков үч жылдан бери бал челек кармайт

— Адегенде өзүңүз тууралуу азыноолак айтсаңыз.

— Бишкектик карапайым эле жигит болчумун, үч жыл мурда катуу ооруп калдым. Кайра-кайра өзүмдөн кетип (панические атаки), бүткүл денем ооруйт, анан калса, улам ар кыл жери кармайт десеңиз. Ата-энем доктурларга, ал тургай атагы чыккан академиктерге чейин көрсөтө баштады, эч кимиси дартымды так аныктай албай койду.

Күндө ар кандай дары ичем, ийне сайдырам, бирок эч шыпаа болбойт, акыбалым начарлай берди. Акыры айласы түгөнгөн ата-энем орус улутундагы табыпка алып барышты.

Ага дартымдын узун таржымалын көрсөтсөм, "бул кагаздарыңдын мага зарылдыгы жок, ары кат" деп жылмаят. Мени текшерип чыгып, абалымды дароо аңдаптыр. "Натуура тамактанасың, аз басасың. Сени менен аябай иштешим керек экен", — деди.

Укалап, тоого таза абага өзү менен кошо ээрчитип жүрдү. Чындап эле оңолуп, тирдене баштадым.

— Аары кармоого кандайча аралашып калдыңыз?

— Ошол табып бал челек кармап, андан көп кеп салар эле. Аябай кызыгып калдым! Ал кезде топтогон бир аз тыйыным – 15 миң сомум бар эле. Аары уюгун кайдан сатып алсам деп издей баштадым. Кыргызстанда бал челекти көбүнесе карыялар кармайт экен. Алардын көпчүлүгү пенсияга чыгып, аары уюктарын арзан сатышат экен. Үч аары уюгу, анан эски бал челектерди сатып алып, бакчама жайгаштырдым.

Студент Тилек Жумабеков, занимающийся производством меда
© Фото / Жаныбек Жумабеков
"Эгер суук тийгенден арылуу үчүн ала турган болсоңуз, анда күчтүү тоо балынан татыңыз. Меймандарга талаанын жумшак балы ылайык", - дейт Тилек Жумабеков

— Кошуналарыңыз аарылардын ызылдаганына нааразы болушкан жокпу?

— Жок, алар байкалбайт деле. Мисалы, бал челектер турган жерде коргоочу күрмөсүз, мээлейсиз деле жүрө берем. Өз аарыларымдан неге коркоюн? Кокустан байкабай тийип алсам, кээде чагып алышат, бирок ал кайра ден соолукка пайдалуу.

— Балчылык татаал ишпи?

— Ооба. Менимче, ушундан улам байлардын балдары эч качан бул ишке аралашпаса керек. Азыр менде аарынын 40 уюгу бар, аларды тоого алпарып турам. Анан калса аарыларда дайым шире болсун деп гүлдөн гүлдү тандайбыз. Ал үчүн бүт Кыргызстанды түрө кыдырып, кайсы жерде кандай чөп өсөрүн изилдейм.

— Аарыдан акча табууга болобу?

— 20 уюктан убагында 250 миң сом акча кылып алууга болот. Сатып алуучулардын табылышы маанилүү. Алар ушунчалык тез чыгат. Бал өндүргөн үч жыл аралыгында сатып алуучулардын бирине да жетпей калган учур болбоду. Бал ашып калса деле эч нерсе эмес. Азык далайга дейре бузулбай тура берет. Мисирлик фараондорду бальзамдоодо тегин жерден балды пайдаланышпагандыр.

Кыргыз балы бир эмес, бир нече ирет эл аралык көргөзмөлөрдө мыкты деп табылган, жылдан-жылга алдыңкы орундарды ээлеп келебиз. Кудай өзү биздин жерди балчылыкка ылайыктап жараткан тура: түркүн чөптөр, өрөөндөр, бийик тоолор... Өлкөдө абаны булгай турган завод, фабрикалар дээрлик жокко эсе. Жөн жерден совет убагында космонавттарды бал менен азыктандырышпагандыр.

Азыр көп жаштар акча табуу үчүн сыртка чыгып кетип жатат. Мамлекет жаштар өз мекенинде акча таба ала тургандай шарт түзүп, каалоочуларга 10 бал челектен бөлүп берсе эмнеге болбосун?

Студент Тилек Жумабеков, занимающийся производством меда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тилек Жумабековдун аарылар дүйнөсүнө келишине анын оорусу себепкер болгондугун уктук

— Кыргызстанда кесипкөйлөр жетишсиз, фермерлер тобокелге салып иштөөгө аргасыз экендигин кулагым көп чалат.

— Катачылык кетирип, андан сабак алып жүрүп отурасың, бирок бул сага кымбатка түшөт. Бир жолкусунда мен Өзбекстандан аары сатып алдым. Тоого алып чыктым. Бирок ишим аксады. Көрсө, ал жактын аарылары өйдөгө учууга жөндөмсүз, түздүккө гана көнүшкөн тура. Тоого жакындаган сайын шамал да уруп турат эмеспи. Билбестик менен кылган бул кадамымдан көп чыгым тарткам, мени аябай санаага салган. Ушинтип акчанын талаага чачылганынан көрө билген кишиге төлөп берип, үйрөнгөнүң оң.

— Чет элдик лабораториялар кыргыз балынан антибиотик тапкан учурлары чанда эмес...

— Ооба, андай да болот. Демек, андай бал биздин дүкөндөрүбүздөн да орун алышы ыктымал. Продукциянын мыктысы Япония, Кытай, Сауд Аравиясына кетип, артканы бизде калат. Кептин баары Кыргызстанда балдын сапатын текшере турган лабораториялардын жоктугунда.

Бал челек ээлери бир литрлик банкага балын салып алып Алматыга жөнөйт. Ал жакта балды 12 көрсөткүч боюнча баалашат, ал эми бизде бешөө гана жасалат. Себеби балчылар аарыларга россиялык өндүрүштөгү дары-дармекти беришет, ал эми Кытайда алар таанылган эмес. Аарыларды кантип дарылоо, дарыны кандай өлчөмдө берүү боюнча мамлекет бирдиктүү стандарттарды иштеп чыкса дейсиң. Менде андай көйгөй жаралбайт, анткени аарыларымды дары чөптөр менен дарылайм, муну мага баятан кеп кылган карыя табып үйрөткөн. Эч кандай химикат колдонбойм!

— Балды кантип тандоого болот?

— Эмнеге пайдалана турганыңызга жараша. Эгер суук тийгенден арылуу үчүн ала турган болсоңуз, анда күчтүү тоо балынан татыңыз. Меймандарга талаанын жумшак балы ылайык. Сауд Аравияда биздин Ат-Башынын ак балын аябай жактырышат, ал жеңил сиңип, момпосуй сыяктанып кетет.

Студент Тилек Жумабеков, занимающийся производством меда
© Фото / Жаныбек Жумабеков
Тилек Жумабеков куруп жаткан өзгөчө жыгач үйү туурасында айтып берди. Анын астында аарылар болсо, үстүндө - бөлмөдө киши эс алганга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн эшиттик

— "Аары уюгунун үстүндөгү" үйлөрдү кантип куруп калдыңыз? Деги ал өзү эмне?

— Аарынын адамдын ден соолугуна пайдалуу экендиги илимде илгертен маалым. Атайын керебеттер жайгашкан, жыгачтан курулган, жылдырылма үй даярдап койдум. Ичине кирип жатсаңыз, күчтүү вибрацияны сезесиз, керебетиңиздин алдында кыжылдаган аарынын тобу...

Чагып алат деп чочулоонун кажети жок, себеби тор менен бөлүнгөн. Адам бал кошулган чай ичип, керебетке жатары менен дароо уйкуга кетет. Аарылардын ызылдаганы вибрация берип, жылуулук тартуулайт. Андан тышкары, чакан тамдын ичи бал менен момдун укмуштай жытына толгон. Мындай процедуралар уйкусуздуктан, депрессиядан арылтат. Мындай саамалык Россия, Украинада эбак ишке кирген, Кыргызстанда муну мен биринчи болуп баштадым.

Бул демилге акылга дароо эле келе калган жок . "Мен Кыргызстанга инвестиция салам" долбооруна катыштым. Анда утуп алган киши бизнесин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя алмак. Адегенде балды өндүрүү демилгеси менен эле чыгууну болжоп тургам, бирок устатым: "Сага дейре эбак балчылар катышып, ута алышкан эмес. Түзүгүрөөк ишти ойлоп тап", – деп койду.

Аарыга байланышкан бизнестин кайсы түрүн түптөсөм деп ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып "дарылоочу үйлөрдү" куруу демилгеси менен жеңип чыгып, 500 миң сом жеңилдетилген насыя алдым. Ошол акчага аары менен дарылай турган чакан тамдарды курдум.

Студент Тилек Жумабеков, занимающийся производством меда
© Фото / Жаныбек Жумабеков
Тилек Жумабеков "Дарылоочу үйлөрдү" куруу демилгеси менен долбоордун конкурсуна катышып, 500 миң сом жеңилдетилген насыя алган

— Керемет касиетке ээ үйлөрдө бир тук этип алуу үчүн кайда кайрылуу зарыл?

— Аларды Ысык-Көлгө алпарып, пансионаттардын жанына орнотобуз. Дароо белгилей кетейин, Кыргызстанда байланышың болбосо, бир нерсени макулдашуу аябай татаал. Мисалы, мени менен кызматташа турган отелдердин ээлерин көпкө чейин таба албай жүрдүм.

Туугандарга кайрылдым, алар жардам беришти, атамдын түбү Ысык-Көлдөн, жакындарынын бир тобу пансионаттарда иштешет. Аларды ортого салып сүйлөшкөм. Бир саат уйку үчүн 500 сомдон 1000 сомго чейин алууну чечкем.

— Ишкер үчүн эң маанилүү нерсе эмне?

— Иштөөгө дитинин болушу. Эл катары оокат кылган үй-бүлөдөн чыккам, апам – мектепте мугалим, атам – куруучу. Алар дайым айлыктан кийинки маянага чейин күтүп өмүр сүрүп келишет. Пенсияга чыкканда алар акчадан кыйналбасын дейм. Ушуга умтулам.

789
Белгилер:
каражат, акча, Кыргызстан, бизнес, ишкер, бал
Тема боюнча
Кыргызстан бал жана мөмө-жемиш экспорттой алчу өлкөлөр. Тизме
Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир
Каракетов: аары багыш үчүн көп жыл билим алуу зарыл