Курманжан датканын Алайдагы айкели. Архив

Тоолук бир жөнөкөй кыргыз аял. "Курманжан датка" романы тууралуу 12 факты

1089
(жаңыланган 15:04 07.10.2019)
Сооронбай Жусуевдин "Курманжан датка" романы — акындын өмүр жолундагы гана эмес, жалпы кыргыз адабиятындагы көрүнүктүү чыгармалардын бири.

Автор бул романы аркылуу кыргыз тилинин ченемсиз байлыгын, тарыхый каармандын көркөм образын жаңыча көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү чексиз экендигин тастыктады.

Биз бүгүн ошол чыгарма тууралуу 12 факты сунуштайбыз.

Романдын эки тараптуу наркы. Бул чыгарма эки тарабы менен өзгөчө бааланат: биринчиси — тарыхый инсан тууралуу жазылгандыгы, тарыхка кайрылгандыгы менен; экинчиси — адабиятта сейрек кездешүүчү ыр менен жазылган роман формасы аркылуу. Мындай эмгек, албетте, өлчөөсүз чоң мээнеттин акыбети.

Чыгарма жазылбай калышы мүмкүн эле. Автор жаш чагында жердештеринен Алайдан чыккан атактуу аял Курманжан датка жөнүндө көп уккан, бирок басма сөздөн материалдарды кезиктирген эмес. Себеби совет учурунда ал эзүүчү таптын өкүлү, бай болгон деп эсептелчү. Бул тема адабиятта жана көркөм өнөрдө гана эмес, тарыхый эмгектерде да жабык тема болчу. Бактыга жараша, Жусуев кийинки эркин, эгемендүү учурда, чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде бул темага кайрылды.

Акынга академик үмүт байлаткан. Жусуевге бир нече жолу атактуу геолог, академик Муса Мырзапаязович Адышев чоң энеси Курманжан датка тууралуу жазуу керектигин сөз кылчу экен. Бирок азыр убагы эместигин айтып, кези келгенде жазыңыз деп шык берип турган. Ал киши Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына президент болуп шайланган соң көп өтпөй, 1979-жылы 1-январда кокус өлүмгө кабылып, ыр менен жазылган романдын кийинки тагдырын билбей калды.

Переделкино эс алуу жайында жазыла баштаган. 1985-жылдан кайра куруу, ачык айтуу башталган соң Курманжан датка тууралуу кеңири сөз жүрдү. 1989-жылы Муса Адышев каза болгондон он жылдан соң Жусуев Москвадан анча алыс эмес жайгашкан жазуучулардын Переделкино чыгармачылык үйүндө "Курманжан датка" ыр-романын жазууну баштаган. Кийин жазуу иши Фрунзе шаарынын Москва көчөсүндөгү үйүндө, Чолпон-Атада, жазуучулардын "Арашан" чыгармачылык үйүндө улантылды. Беш жылдай жазылып, редакцияланып, 1994-жылы өзүнчө китеп болуп чыкты.

Романды жазууга Курманжандын небереси кол кабыш кылган. Мындай чоң чыгарманы жазуу үчүн материал топтоого, окуп пикир айтып турууга автордун эскерүүсү боюнча алайлык драмачы, режиссёр Мамат Жакыпов, Курманжандын Кара-Суу районунда жашаган небереси Кадырбектин уулу Инаят аке көп маалыматтарды берсе, "Арашан" чыгармачылык үйүндө жазуучу Жунай Мавлянов эң биринчи окурманы болуп, кеңештерин айтып турган. Жусуев Курманжан датканын адамдык укмуштай сапаттары, жасаган иштери, эл арасындагы чоң кадыры, жалпы эле жашаган өмүрү жөнүндө ыр-романга керектүү ар кыл маалыматтарды көбүрөөк жыйноо үчүн анын өмүрүнүн негизги бөлүгү өткөн Алай районуна бир нече жолу барып, материал топтоп келген.

Автордун максаты жана сынчыларга жообу. Жусуев "Курманжан датка" романы туруш-турпаты менен көркөм чыгарма экендигин, анда датканын өмүрүндөгү майда-чүйдө нерселерди ийне-жибине чейин калтырбай сүрөттөө милдетине кирбегенин, максаты башка болгонун айтат. Ал негизги милдети — феодалдык заманда Орто Азия аялдарынын ичинен биринчи болуп өзүнүн акылмандыгы менен бийикке көтөрүлүп, элдин келечек тагдырын ойлоп, баскынчылардын кыйратуусунан сактап калууга өмүрүн арнаган кеменгер аялдын образын түзүү болгонун белгилеген.

Композициялык түзүлүшү адаттан тышкары чыгарма. Чыгарма прологунда аппак карда Алайдан чыккан Курманжан датканын жолун сүрөттөө менен башталат. Дал ошол кышкы жолдо бараткан токсон алты жаштагы аял бүт өмүрүн ретроспекция ыкмасында бир сыйра көз алдынан өткөрүп чыгат. Мына ушул кышкы кардан башталган чыгармадагы жолду, жолдун башталышын сүрөттөө ар бир главада кайталанып, Курманжандын балалыгынан тартып эл башчылыкка, дипломаттыкка жеткен азаптуу да, кубанычтуу да күндөрүн баяндоо менен адамдын калыптануусун, жетилүүсүн, андан кийинки коомдогу жеке адамдын ордун көрсөтүүгө басым жасалат. Датка өз өмүрүндө "токсон алты алгач жааган кар көрдү, отуз алты миңден ашуун таң көрдү".

Датканын айланасындагы адамдар. Романда бир эле Курманжан датканын образы ачылбастан, анын тегерегиндеги толгон-токой адамдардын тагдырын көрөбүз. Алар — атасы Маматбай, жолдошу Алымбек датка, уулдары Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек, келини Асел айым, Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин, Фергана генерал-губернатору Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов жана башка тарыхта жашап өткөн инсандар жана булардан башка дагы ойдон чыгарылган каармандар.

Чыгарманын негизги сюжеттик сызыгы. Романда Курманжандын турмушка жаңы эле өзү сүйбөгөн жигитке чыгып, андан качып келиши, Алымбек даткага жолугушуусу, экөөнүн тунук сүйүүсү, аял катары күйөөсүн өлүмдөн сактап калган эпизоду, уулу Камчыбектин ак жерден дарга асылышы, ошондогу эненин күйүтү жана сабыры, элдин келечегин, кыргыздардын тагдырын ойлогон көрөсөндүгү менен Скобелев экөө аргасыз келишим түзүп, шартнаамага кол коюшу, өмүр соңундагы арманы, өкүнүчү поэтикалык чебер тил менен жазылган. Ушулардын баарында борбордук орунда тоолук бир жөнөкөй кыргыз аялы турат.

Акын Сооронбай Жусуевдин архивдик сүрөтү
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Курманжандын саясатчы жана эне катары образы терең ачылган. Датканын жаркыраган образы романда алтын сыяктуу өзүнчө бөлүнүп көрүнөт. Автор Кокон ордосундагы кутумчулукту, бийлик талашты, ошол хандыктагы Алымбек датка менен Курманжан датканын өзгөчө ордун белгилейт. Эгерде кыргыз адабиятындагы көптөгөн чыгармаларда аялдын орду очокто, ал теңсиз, эркектердин алдында алсыз адам катары көрсөтүлсө, бул чыгармада Курманжан күйөөсү, мамлекеттик ишмер, аскер жетекчиси Алымбектин кемчилдиктерин бетке айтып, аны сындаганын да көрөбүз. Мисалы, Алымбек Кашкар козголоңуна катышып, ал жерде көп адамды набыт кылып алып, күткөн жыйынтык чыкпай калганда ага Курманжан мындай дейт: "Жалаңга!" – деп айтсам, кирип жаңгелге, "Тегизге!" – деп айтсам, түшүп аңгелге, "Бурулбаңыз!" – десем, түшүп терс жолго, түшпөдүңүз түз кетүүчү даңгелге, ушул жолду атаандаштан талашып, ушул жолду көп байкабай баратып, урунбаңыз өткүр миздүү маңгелге!". Мындай учурлар романда дагы кездешип, Алымбек датканын артында акылдуу аял, даанышман кеңешчи, күйөөсү терс жолго түшүп жатканда оң жолго салуучу ургаачы турганын көрөбүз. Ошон үчүн Алымбек кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөндө элдин тагдырын өзү колго алып, эл башкаруу ишине тартылат. Романды ыр түрүндө жазуу үчүн татаал болгон хан ордодогу жыйындар да, согуш учурун көрсөткөн баталдык сценалар да чагылдырылып, алардан да акын буйдалбай чыгат, өз оюн айтып берет. Анын сүрөттөөсүндө датка эне жалаң эле эл башкарып, сый үстүндө жүргөн каарман эмес, ал терең трагедиялуу инсан, автор мына ошол трагедиялардын себептерин, көрүнүшүн психологиялык кырдаалдарда ачып берет.

Кыргыз ыр өнөрүнүн классикалык үлгүсүн көрсөтөт. Чыгарма баштан-аяк ыр менен жазылган роман болуу менен ыр саптарындагы уйкаштыктар бир иретке келтирилген. А-а-б-а-в-в-а формасында уйкаштырылышы, жалпы чыгарманын жоргонун жүрүшүндөй темпи акындын өзгөчө чеберчилигин тастыктайт. Ыр жазуунун ушул техникасы — куплеттери, кыналган уйкаштыгы, сөз гүлүн терүүчүлүгү романдын эч бир жеринде бузулбайт. Тилдеги архаизмдер, тарыхый лексика, диалектилик өзгөчөлүктөр абдан кеңири пайдаланылат жана ал жагынан да романдын мааниси кийинки муун үчүн да жогору болору күмөнсүз.

Роман жогорку сыйлыкка арзыган. Чыгарма Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн учурда талкууга мурда бир да учурда болбогондой көп адабиятчылар, жазуучулар, жөнөкөй окурмандар оң пикирлерин айткан, колдоп чыккан. Натыйжада 1998-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Орус тилине Светлана Суслова (Токомбаева) которгон.

1089
Белгилер:
чыгарма, адабият, факты, Курманжан датка, Сооронбай Жусуев, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (315)
Тема боюнча
Бу тар дүйнөнүн талашы көп!.. Курманжан датканын кеп казынасы