Бишкекте спецназ милиционерлерди "атып жиберип" жүрөгүн түшүрдү. Күлкүлүү видео

Жазылуу
Спецназ аскерлери террорчуларды жок кылуу ыкмасын көрсөтүп жатып милиционерлер тарапка "ок чыгарды". Тартип сакчыларынын реакциясы элди күлкүгө салды.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Майрамдык иш-чарада кылмышкерлерди кармоо операциясын көргөзүп жаткан Тез арада аракетке келүүчү атайын отряддын (СОБР) аскерлери тизилип турган милиционерлердин жүрөгүн түшүрдү. Бул видео социалдык тармактарда тарады.

Бишкек шаардык милициядан билдиргендей, окуя 5-октябрь күнү борбор калаада Кылмыш издөө кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өткөн иш-чара учурунда болгон.

Контртеррористические учения на авиабазе ОДКБ Кант - Sputnik Кыргызстан
Канттагы "террорчулар жок кылынды". Машыгуунун сүрөттөрү
Бул күнү оперкызматкерлер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоого жан үрөп иштеп, кызмат учурунда каза болгон кесиптештерин эскеришкен. Бир катар тартип коргоочуларга ведомстволук медаль, грамота жана башка сыйлыктар ыйгарылган.

Андан соң Бишкек ШИИБдин СОБР аскерлери террорчулар барымтага алган жарандарды куткаруу операциясын көрсөтүп беришкен.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0