Эстеликтеги гүлдөр. Архив

Белгилүү бийчи Арстанбек Ирсалиев каза болду

511
(жаңыланган 15:04 07.10.2019)
Кыргыз Республикасынын эл артисти АКШда каза болгон. Ал жакта көптөн бери дарыланып жүргөн. Ирсалиев бир гана Кыргызстанда эмес, чет жакта дагы белгилүү болчу.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык конкурстардын жана сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев каза болду. Бул тууралуу Кыргыз опера жана балет театрынын адабий-драмалык бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова билдирди.

"Ирсалиев 5-октябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Буга чейин АКШда көптөн бери дарыланып жүргөн",  — деп айткан ал. 

Ирсалиев 1950-жылы 25-февралда Кара-Балта шаарында туулган. Ленинград мамлекеттик академиялык хореографиялык училищесин аяктаган. 1969-жылы Бүткүл союздук балет артисттеринин конкурсунда жеңүүчү болгон. Ошол эле жылы Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы бийчиси аталган.

Ал "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", "Жизель", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лауренсия", "Франческа да Римини", "Бахчисарай фонтаны", "Шопениана", "Дон Кихот", "Спартак", "Баядерка" спектаклдеринде негизги каармандардын ролун  ойногон.

Тот самый Шарик, который Марсик
Александр Федоров
Арстанбек Ирсалиев "Космонавтар көчөсү" тасмасында Сардардын ролун аткарган

Мындан сырткары, "Анар", "Куйручук", "Асел", "Саманчынын жолу" жана башка спектаклдерде да кайталангыс образдарды жараткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
511
Белгилер:
Арстанбек Ирсалиев, артист, көңүл айтуу
Тема боюнча
Кой фермадан башталган улуу жол. Улукмырза Полотов тууралуу 7 факты
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

45
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

45
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

71
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

71
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео