Абылгазиев Ноокатка барып төрт жылда курулуп бүткөн мектепти ачты. Сүрөт

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Ош облусундагы бир топ социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе рабочей поездки в Ошскую область принял участие в церемонии открытия школы имени С.Токторова в селе Ак-Булак Ноокатского района
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе рабочей поездки в Ошскую область принял участие в церемонии открытия школы имени С.Токторова в селе Ак-Булак Ноокатского района
Аталган билим берүү жайы төрт жылда курулуп бүткөнү белгиленет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аталган билим берүү жайы төрт жылда курулуп бүткөнү белгиленет
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе рабочей поездки в Ошскую область принял участие в церемонии открытия школы имени С.Токторова в селе Ак-Булак Ноокатского района
Өкмөт башчы жаңы ачылган билим уясына компьютердик жабдууларды тапшырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өкмөт башчы жаңы ачылган билим уясына компьютердик жабдууларды тапшырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган.
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы Саты Токторов атындагы орто мектептин ачылышына катышты
2/3
Аталган билим берүү жайы төрт жылда курулуп бүткөнү белгиленет
3/3
Өкмөт башчы жаңы ачылган билим уясына компьютердик жабдууларды тапшырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган.

Аталган билим берүү жайы төрт жылда курулуп бүткөнү белгиленет.

"320 орунга ылайыкталган мектептин курулушу 2015-жылы башталып, жаркыраган жана ыңгайлуу имарат курушуптур. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Мында билим алуу да жагымдуу болот. Республиканын бардык аймактарында жаңы мектептер курулуп жатат. Быйыл эле 111 мектепте курулуш иштери жүргүзүлүүдө", — деген Абылгазиев.

Ошондой эле ал 2012-жылы билим берүү тармагына 21 миллиард сом бөлүнсө, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 миллиард сомго чейин көтөрүлгөнүн кошумчалаган. Өкмөт башчы жаңы ачылган билим уясына компьютердик жабдууларды тапшырып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев ознакомился с ходом строительства шиферного завода в городе Кызыл-Кия - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыяда жылына 4 миллионго жакын шифер чыгара турчу завод курулууда. Сүрөт
Мындан сырткары, Абылгазиев Көтөрмө — Ак-Булак — Кыргыз-Ата унаа жолунун курулушу менен таанышкан. Ак-Булак айылынын жана тегеректеги калктуу конуштардын жашоочулары менен жолугуп, суроолоруна жооп берген. Андан соң Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы 100 орундуу бала бакчанын курулушунан кабар алган.

Премьер-министр кийинки сапарында Ош аймактык Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнүн иши менен таанышып чыккан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0