БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Адам организмине өрдөктүн, каздын, кой менен чочконун эти терс таасир тийгизе турганын диетолог Марина Ваулинага шилтеме берүү менен "Известия" жазды.
Адистин айтымында, мында этти даярдоо дагы өзгөчө мааниге ээ.
"Сууга же бууга бышып, жашылча же курамында клетчатка көп болгон азыктар менен бирге берилген эт жакшы жана бат сиңет", — деди диетолог.
Шишкебек даярдоо үчүн эң мыкты болуп кефир, суу, лимон ширеси же соя соусу менен жасалган маринад эсептелет. Ал эми туздуу маринаддын зыяны көп болору айтылды.
"Ышталган этке караганда сүрсүгөнү алда канча пайдалуураак. Ошол эле тоок этин, колбаса азыктарынын ышталган түрүндө зыяндуу заттар көптүк кылат", — деди Ваулина.
Диетолог жалаң эле малдын этин жей бербей, тооктун, үндүктүн, коёндун этин да аралаштырууну сунуштайт. Ал вакуумдук желим баштыкта тоңдурулган эт азыктарынын зыянын жана этти сактоонун мөөнөтүн эске алуу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан 500 миң доза сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү кат өлкө президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун атынан РФ башчысы Владимир Путинге жиберилген.
"Азырынча Россиядан жооп келе элек. Россиянын саламаттыкты сактоо министри маселени жогорку деңгээлде чечүү үчүн кат жөнөтүүнү өтүнгөн. Өзүм Москвага иш сапары менен барганда да муну чечип берүүнү сурангам", — деди Бейшеналиев.
Министр 500 миң доза вакцина 250 миң кишиге жетерин кошумчалады.
Кечээ ЖККУнун Кыргызстандагы "Кант" базасына COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген болчу.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын тастыктады.
Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп каларын белгилеген.
“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек, буга кошумча эч кандай чыгым болбойт”, — деди Байтерек.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.
Ошол эле учурда артиллериялык курал кодонулары туурасында дагы маалымат тарай баштаган.
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.