Бишкекте экскаватор жүктөп алган автоунаа көпүрө алдынан өтө албай калды. Видео

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЭкскаватор. Архив
Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкектин батыш тарабында бир саат мурун болгон. Жүк ташыган унаа жолдун бир тарабын жаап калгандыктан автотыгын жаралган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте экскаватор жүктөлгөн чоң автоунаа Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөдөн өтө албай калганы тартылган видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу күбө жөнөттү.

Анын айтымында, окуя бир саат мурун Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кадрдан жүктөлгөн экскаватор көпүрөгө тийип, тирелип калганын көрүүгө болот. Аны жүктөп бараткан ири унаа жолдун бир тарабын жаап калган, мындан улам автотыгын жаралган. Күбө жүк ташуучу унаанын кузову жабыркап, дөңгөлөктөрү жарылып кеткенин белгиледи.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аталган жерге автоинспекторлорду жибере турганын айтышты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0