Бишкектин кафе-ресторандарына эмнеге стикер чапталбай калды? Расмий жооп

© AFP / ROBERTO SCHMIDTОтель Al Meroz в Бангкоке
Отель Al Meroz в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакцияга калаа тургундары кайрылып, эмне себептен тамактануучу жайларга кызыл, жашыл, сары стикерлер чапталбай калганын сураган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Калаанын кафе-ресторан, дүкөн, ашканаларындагы тамак-аш коопсуздугу эки жыл текшерилбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Буга чейин редакциябызга калаа тургундары кайрылып, эмне себептен тамактануучу жайларга кызыл, жашыл, сары стикерлер чапталбай калганын сураган. 

© Фото / предоставлено Бакытом ДавлеталиевымСтикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт
Бишкектин кафе-ресторандарына эмнеге стикер чапталбай калды? Расмий жооп - Sputnik Кыргызстан
Стикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт

Традиционный бурятский обряд Обоо тахилган - Sputnik Кыргызстан
Этке ууланган кудалар, көз жумган бөбөк. Ботулизмден жабыркагандар көбөйүүдө
Эске салсак, 2018-жылдын 10-январында коомдук тамактануучу жайларда кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө токтом кабыл алынган. Ага ылайык, 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет деп жазылса, экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынары айтылган.

Токтомго ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерип, мыкты жана начар жайларды аныктаган.  Анда "талаптарга туура келет" деген жашыл стикерди бир эле ресторан алган

Бирок өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий жарыялаган.

Тагыраагы, эми эки жылга чейин ишкерлик субъектилери текшерилбейт. Анын ичинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору да тамак-аш коопсуздугун карай албайт.

Махамат Мурзашевдин айтымында, бул жылдар аралыгында тамактануучу жайдан бирөө ууланса ага ал жайдын ээси өзү жооптуу болот.

"2019-2020-жылга чейин Кыргызстан боюнча кафе-ресторан эле эмес соода түйүндөр, тез татымдар да текшерилбейт. Быйыл биз бир да тамактануу жайын караган жокпуз. Кокустан эле кайсы бир ашкана же кафе-ресторандын тамагына нааразы болгон арыз түшсө, аны биз Экономика министрлигине жөнөтүп, ал жактан макулдук алган соң гана текшере алабыз", — деди Мурзашев.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дарыгер: үй шартында даярдалган салат, тамак-аштан уулангандар көбөйдү
Баса белгилей кетчү нерсе, акыркы эки жылда (2018-2019) тамак-ашка уулангандардын саны башка жылдарга салыштырмалуу кыйла өсүптүр. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

2018-жылы өлкө боюнча жалпы 479 адам ботулизмден жабыркаса, быйылкы жылдын жети айында эле 279 киши тамактан ууланганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0