Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн эл менен жүктүн көлөмү көбөйдү

© Sputnik / Владимир Корнев / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар. Архив
Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишилердин көбөйгөнүнөн улам чек арада паспорт текшерген 11 кабина иштей баштады. Алардын үчөө Ош — Анжиян жана Анжиян — Ош каттамындагы автобуста бараткандарды тейлейт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош — Анжиян автобустук каттамынын ачылышы менен кыргыз-өзбек чегиндеги "Достук" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан өткөн жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Пограничная застава в селе Ак-Сай - Sputnik Кыргызстан
Үзөңгү-Кууш Кытайга кантип өткөн? 1,5 кылымдык сүйлөшүүнүн тарыхы
Аталган чек ара бекетинен 18 миңге чейин киши өтүп жатат. Дем алыш күндөрү чек арадан өткөндөрдүн саны 24 миңге чейин жетет.

Кишилердин көбөйгөнүнөн улам чек арада паспорт текшерген 11 кабина иштей баштады. Алардын үчөө Ош — Анжиян жана Анжиян — Ош каттамындагы автобуста бараткандарды тейлейт.

Белгилей кетсек, быйыл 25-сентябрдан тарта Ош шаарынан Өзбекстандын Анжиян шаарына маршрутка каттай баштаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0