Турак үйлөр. Архив

Кыргызстандагы турак жайлардын 80 пайызынын тиешелүү документи жок

87
(жаңыланган 11:12 09.10.2019)
Депутат Улан Примов турак жайлардын 80 пайызынын документи жок деген маалымат чындыкка дал келбеши ыктымалдыгын айтып, аны тыкыр иликтеп чыгуу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 миллион 174 миңден ашык турак жай бар. Алардын 80 пайызынын тиешелүү документтери жок. Бул тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын башчысы Жумагүл Эгамбердиева парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Парламент бүгүнкү жыйында "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карады.

Эгамбердиева документи жок үйлөрдү камсыздандырууда бир топ көйгөйлөр чыгарына токтолду.

"Техпаспорт, кызыл китеби жок үйлөр чыгып жатат. Биздин уюшулганыбызга үч жыл болду. Бул мөөнөт ичинде 200 миңден ашык үйдү кыдырып чыктык", — деди ал.

Депутат Улан Примов турак жайлардын 80 пайызынын документи жок деген маалымат чындыкка дал келбеши ыктымалдыгын айтып, аны тыкыр иликтеп чыгуу керектигин белгиледи.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Эгамбердиева 2020-жылы боло турчу эл каттоо турак жайга байланышкан бир топ маалыматтарды бере турганына токтолду.

Талкуу учурунда бул мыйзам долбоору чийки экени, кандай болгон учурда камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнө турганы так жазылбаганы айтылып, көпчүлүк добуш менен комитетке кайтарылды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
87
Белгилер:
мыйзам долбоору, Жогорку Кеңеш, камсыздандыруу
Тема боюнча
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери