БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түркиядагы Анталья шаарынын аймактык полициясы Молдовадан жана Кыргызстандан келген аялдарды интимдик кызматка мажбурлап иштеткен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул туурасында жергиликтүү Haberler агенттиги полицияга шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Анталья шаарынын Серик районунун полициясы ири операция жүргүзүп, жети аялды сексуалдык кулчулуктан бошоткон.
"Аялдарды төрт башка батирде кармап, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Алардын бири кыргызстандык, экинчиси молдовалык, калган бешөө түрк аялдары болгон", — деп айтылат басылманын маалыматында.
Операциянын жыйынтыгында беш киши кармалып, көмүскө жайда интимдик кызмат уюштуруу фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Аялдарды мекенине депортациялоо маселеси каралып жатканы айтылды.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатканын айткан.
Билим уясын жетектей турган адамды кандай жол менен тандашары азырынча белгисиз. Министр буга чейин мектеп директорлору боюнча көптөгөн суроолор келип жатканын айткан.
"Өлкөдө жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоосу менен креслосун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар", — деди Бейшеналиев.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарындагы мектеп жетекчилеринин тизмесин Шаардык билим берүү башкармалыгынан алып, буга чейин даярдалган макала менен ачык булактарда жазылган маалыматтарды кошуп таблица түздү.
Анда мектеп жетекчилеринин жаш курагы, канча жылдан бери билим берүү мекемесин башкарып келе жаткандыгы тууралуу жазылган.
Мектепти азыр башкарып жаткан жетекчилердин арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, БШК мүчөсү, Бишкектин мурдагы вице-мэри жана башка муниципалитеттин аткаминерлери бар.
Бир эле билим берүү жайын 20 жылдан ашык башкарып келе жаткан жетекчилердин катарында №7 мектептин директору Чолпон Бердалиев, №10 мектептин директору Кулжан Үмөталиева, №20 окуу-тарбия комплексин башкарган Чолпон Кудайбергенова, №23 мектеп-гимназиясынын директору Андрей Ситоленко, №27 орто мектебинин жетекчиси Бермет Носинова, №31 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Тажыбүбү Өмүрзакова, №34 жардамчы мектебин башкарган Гүлизат Карасартова, №51 орто мектебин жетектеген Суусар Мураталиева бар.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, директорлорду дайындоо боюнча азыркы механизм коррупциялык тобокелчиликке алып келет.
"Билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир мектепке компетенттүү директор керек. Азыр мектеп жетекчилерин дайындоо иштери менен билим берүү бөлүмдөрү иш алып барат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2014-жылдан бери мектеп жетекчилери келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылга дайындалышат. Көпчүлүк директорлор 2014-жылга чейин шашылыш эмес келишимдерди түзүшкөн. Ошол себептен билим берүү башкармалыктары жана райондук бөлүмдөр алар менен келишимдерди токтотуп кое алышпайт. Азыр биз директорлор жетекчилик кызматка келиши үчүн тесттен өткүдөй жобону иштеп жатабыз. Мектеп жетекчилеринин жаш курагы жана иштөө мөөнөтү боюнча дискриминацияга каршыбыз. Бирок коррупциялык тобокелчиликти жокко чыгарган так механизмди киргизүүгө убакыт келди", — деди Жусупбекова.
Ал мектеп директорлорун баалоо критерийлери менен жумушка алуу же иштен кетирүү боюнча жаңы механизм быйылкы окуу жылында ишке кирет деген ишеничин кошумчалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.
Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.
Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.