Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак бериш үчүн кирип кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кундуз Жолдубаева буга чейин ИИМдин тергөө кызматына бир нече ирет адамды барымтага алуу боюнча күбө катары сурак берип чыккан болчу.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берүү үчүн кирип кетти.

Анын айтымында, тергөөчүлөр аны саат 12.00гө чейин эле келүүсүн талап кылышкан. Бирок ал чакырууда көрсөтүлгөн убакытка гана барарын билдирген. Жолдубаева ИИМдин алдына кичинекей кызы менен келди. Ал адвокаты Замир Жоошевди күтүп, суракка кечигип кирди.

Жактоочу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Жолдубаеванын статусу өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты.

"Бүгүн Кундуз Жолдубаеванын күбө деген статусу шектүүгө алмашып кетиши мүмкүн. Бирок бул бир гана божомол. Буга Алга Кылычевдин көрсөтмөсү себеп болушу ыктымал", — деди Жоошев.

Белгилей кетсек, Кундуз Жолдубаева буга чейин ИИМдин тергөө кызматына адамды барымтага алуу боюнча бир нече ирет күбө катары сурак берип чыккан болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев встретился с жителями Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштурган. Атамбаевге күнөө коюлду
Ал эми жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча кармалган Алга Кылычев Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына каршы көрсөтмө берген болчу.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0