Ичип алып машина айдагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Жазылуу
Жаңы кодекске ылайык, ичип алып машина айдагандарга салынган 17 500 сомду бир айдын ичинде төлөө керек. Эгер төлөбөсө, туум кошулат. Айыптын бул түрүнө 50 пайыздык жеңилдетүү каралган эмес.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Кыргызстанда ичип алып автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраиловдон коңшу мамлекеттерде мас болуп алып машина айдагандарга кандай чара көрүлөрүн сурады.

"Россияда 30 миң рубль айып салынып, үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Белоруссияда 40-80 миң рубль айып салынып, үч жылга чейин автоунаа айдай албайт. Арменияда айып салынат, ал 22 миң сомду түзөт. Грузияда айып пул жок, дароо айдоочулук күбөлүгүнөн үч жылга ажыратылат. Өзбекстанда биздин акча менен алганда 42 500 сом айып каралган жана 1,5-3 жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратылат. Коңшу Казакстанда айып салынбайт, үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт", — деди Исраилов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда кабыл алынган жаңы кодекске ылайык, ичип алып машина айдагандарга салынган 17 500 сомду бир айдын ичинде төлөө керектигин, эгер төлөбөсө туум кошула турганын кошумчалады. Андан сырткары, мындай айыпты төлөөдө башка эреже бузуулар сыяктуу 50 пайыз жеңилдик берилбей турганын айтты.

Депутат Самаев эгер ичип алып рулга отурганы үчүн салынган айыбын төлөп, кайта түшсө кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.

Проблема автомобильного затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардан" түшкөн акчанын бир бөлүгүнө тез жардам унаалары алынат
Исраилов айдоочу канча жолу кармалса ошончо жолу айып төлөй турганын, жаңы кодексте эскертүү жана айып салуу гана каралганын кошумчалады Исраилов.

"Беш жолу кармалса, беш жолу төлөйт. Жаңы кодекс боюнча эскертүү берилип же айып гана салынат. Айдоочуларды биз айдоочулук күбөлүгүнөн ажырата албайбыз", — деди ЖКККББнын башчысы.

Эл өкүлү ичип алып машина айдагандарга жок дегенде бир жылга чейин укугунан ажыратууну мыйзамда кароо керектигин айтып, же коңшу мамлекеттердегидей айып пулдардын көлөмүн көтөрүүнү сунуштады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0