Машина айдап баратып телефондон сүйлөшүүгө салынган айып азайтылбайт

© AFP / SPENCER PLATTТелефон менен колдонуп жаткан айдоочу. Архив
Телефон менен колдонуп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа айдап баратып телефондон сүйлөшүү жол кырсыктарынын болушуна таасир тийгизчү башкы кооптуулук экени эске алынып, айып пул өзгөртүүсүз калтырылган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Эреже бузуулар боюнча кодекске киргизилип жаткан түзөтүүдө машина айдап баратып телефондон сүйлөшкөндөргө каралган айып пул 3000 сом боюнча калып, эмнеге азайтылбаганына кызыкты.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал биринчи окууга киргизилет.

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Автоинспекторлордун укугу кыскарды. Текшерилбей турган документтердин тизмеси
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов автоунаа айдап баратып телефондон сүйлөшүү жол кырсыктарынын болушуна таасирин тийгизе турган башкы кооптуулук экени эске алынып, салынчу айып өзгөртүүсүз калтырылганын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин элдин кайрылуусунан улам жол эрежелеринин айрымдарын бузган айдоочуга салынган айып пулдун көлөмү кыскарары айтылган.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Улукбек Ормонов киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө мыйзам буза бер деген чакырык жоктугун, айып пулдардын көлөмү түшүрүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0