Торжественное открытие подземного перехода в Джалал-Абаде

Жалал-Абадда жер астындагы өтмөк пайдаланууга берилди. Сүрөт

324
(жаңыланган 16:36 09.10.2019)
Жер астындагы өтмөктү куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сомдон ашуун каражат каралып, анын тендердик наркы 21 миллион сом деп бааланган.

ЖАЛАЛ-АБАД, 9-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү жер астындагы экинчи өтмөктүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Бүгүн, 9-октябрда, өтмөктүн ачылыш аземи болуп, ага мэр Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баштаган депутаттар тобу, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

  • Мэр города Джалал-Абад Мураталы Тагаев участвовал в открытии подземного перехода в городе
    Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү жер астындагы экинчи өтмөктүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
  • Мэр города Джалал-Абад Мураталы Тагаев участвовал в открытии подземного перехода в городе
    9-октябрда, өтмөктүн ачылыш аземи болуп, ага мэр Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баштаган депутаттар тобу, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
1 / 2
© Фото / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндөгү жер астындагы экинчи өтмөктүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Маалыматка караганда, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Анын узундугу 40, туурасы 9 метрге жетип, былтыр курулган өтмөк менен туташат.

"Жер астындагы өтмөктө 24 соода түйүнү бар, жөө адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эми видео байкагычтарды орнотуу пландалууда. Өтмөктүн курулушу менен Ленин көчөсүндөгү башаламан кыймыл жөнгө салынат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жер астындагы өтмөктү куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен 30 миллион сомдон ашуун каражат каралып, анын тендердик наркы 21 миллион сом деп бааланган. Курулуш ишин "Сафари" компаниясы жүргүздү.

324
Белгилер:
курулуш, өтмөк, Жалал-Абад
Тема боюнча
Бишкекте экскаватор жүктөп алган автоунаа көпүрө алдынан өтө албай калды. Видео
Жер үстүндөгү өтмөктөрдүн лифттери эмнеге иштебейт? Майыптардын даты