Депутат Кодуранова спецназды барымтага алган деп күнөөлөндү. Сот кандай чечти?

Жазылуу
Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан Кодуранованын интернет жана мобилдик телефонду колдонуусуна тыюу салышын суранды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова үй камагына алынды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине анын адвокаты Автандил уулу  Бакытбек айтып берди.

Биринчи май райондук соту 9-октябрда анын баш коргоо чарасын караган. Жактоочунун айтымына караганда, Кодурановага 244-берененин (“Барымтага алуу”) негизинде айып тагылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак бериш үчүн кирип кетти
Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан Кодуранованын интернет жана мобилдик телефонду колдонуусуна тыюу салышын суранган. Сот депутатты 9-декабрга чейин үй камагына калтыруу чечимин чыгарган. Эл өкүлү эми ИИМдин тергөөчүсүнүн талабы боюнча суракка келип турушу керек.

Биринчи май райондук сотунан бул маалыматты тастыкташты.
Жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча кармалган Алга Кылычев Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына каршы көрсөтмө берген болчу.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0