Депутаттар ӨКМдин ижарага берилген жалгыз тик учагынын тагдырына кызыгышууда

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСпасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области
Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Турусбековдун ырасташынча, ӨКМдин тик учагы 2008-2013-жылдары чет элдик компанияга убактылуу пайдаланууга берилген.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков жалпы жыйында ӨКМдин балансындагы жалгыз тик учак учурда бузулуп, иштебей турганын билдирди. Анын айтымында, тик учак кезинде ижарага берилип, андан түшкөн акчанын дайыны жок болууда.

Бүгүн депутаттар ар кандай маселелерди карап жатышат.

Эл өкүлүнүн ырасташынча, ӨКМдин тик учагы 2008-2013-жылдары чет элдик компанияга ижарага берилген.

"Ижара акысынан түшкөн каражат кайда кеткени белгисиз. 2013-жылы тик учак иштен чыккан. Ижара акысынан түшкөн акчага аны оңдоп-түзөп, учууга жарактуу кылып турса болмок да", — деди депутат.

Работа автозаправочной станции во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги 96 май куюучу жайдын 40ы гана калышы керек
Ал ошондой эле Кыргызстанда МИ-8 тик учактарын оңдой турчу ишкана ачкан россиялык ишкердин төрт учагы ушул тапта Эркин экономикалык аймакта камакта турганын айтты.

Турусбеков Кыргызстанда элди куткаруу, жардам берүү иштерине тик учак керек болуп жаткандыктан, бул маселени тез аранын ичинде карап, чекит коюу керектигин билдирди.

Депутаттын айтымында, тик учактын зарылдыгы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиевди издегенде даана байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0