Сабоо. Архивдик сүрөт

Жакындарын тааный албай жатат. Жалда аёосуз сабалган жигиттин абалы айтылды

292
(жаңыланган 13:39 10.10.2019)
Токмок жеген киши невропатолог дарыгердин тыкыр кароосунда болушу керек деген эскертүү менен ооруканадан үйүнө чыгарылган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Жал кичирайонунда аёосуз сабалган киши жакындарын толугу менен тааный албай жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Дарылаган врачтын айтымына караганда, бейтаптын абалы туруктуу, зарыл болгон стационардык жардамды алган.

"Тилекке каршы, ооруканадан үйүнө чыгарып жатканда туугандарынын кээ бирлерин тааныса, бир катарларын тааный албай койду. Эс-тутумдун калыбына келиши ар кимдики ар башка болот. Невропатологдун тыкыр кароосунда болушу керек деген эскертүү менен ооруканадан үйүнө чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине милициянын кайгуул күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген. Ал эми милициядагы бир тууганы колго түшүрүлгөн.

Бишкекте үч кишини аёосуз сабаган деп шектелип жаткан бир туугандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков №1 СИЗОго отургузулгандан кийин камералаштары менен мушташа кеткен маалымат тараган.

292
Белгилер:
оорукана, жарадар, сабоо, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (27)
Тема боюнча
Бишкек: кишини батирде сабап, кармап отурушкан. Шектүү кармалды
Атабековдун апасынын үйүн тоноду делген киши сабалганын дарыгерлер тастыктады