Уран шахтасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 300 млн. тонна уулуу калдык сакталып турат

113
(жаңыланган 15:41 10.10.2019)
Кыргызстан боюнча урандын 30 миң, торийдин 54 миңдей тонна запасы бар. Талкуу учурунда депутат Жыргалбек Турускулов уран менен торийдин айырмасы эмнеде экенин сурады.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар. Ал жакта 300 миллион тоннадан ашык калдык жашырылган. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында Экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Шайлообек Нарбеков билдирди.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карады. Ал экинчи окууга киргизилет.

Талкуу учурунда депутат Жыргалбек Турускулов уран менен торийдин айырмасы эмнеде экенин сурады.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев экөө тең радиоактивдүү элементтерге кирерин, уран бар жерде торий да болорун айтты.

Ал ошондой эле Кыргызстан боюнча урандын 30 миң, торийдин 54 миңдей тонна запасы бар экенин кошумчалап, бирок уран менен торий өз-өзүнчө жайгашкан кендер да бар экенине токтолду.

Ибраев өз сөзүндө айрым кендерди казган учурда торий да чыгышы мүмкүн деп, андыктан торий кенин казууга тыюу салбоо керектигин белгиледи.

"Биз торий кендерин казууга тыюу салууну алып салууну сунуштап жатабыз", — деди Ибраев.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 28 жылдын ичинде жалпысынан кен казууга 2415 лицензия берилгенин айтты.

113
Белгилер:
мыйзам долбоору, мыйзам, талкуу, Жогорку Кеңеш, уран
Тема боюнча
Өкмөт уран кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салууну колдойт
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек