Андрей Малахов Кыргызстандын Россиядагы элчилигине барды. Сүрөт, видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиялык теле алып баруучу Андрей Малахов. Архив
Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алып баруучу кыргызстандыктар тууралуу пикирин айткандан кийин андан кечирим суроону талап кылышкан.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов Кыргызстандын Россиядагы элчилигине барды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан тастыкташты.

Буга чейин социалдык тармактарга Малахов унаадан түшүп, элчиликке кирип бара жаткан видео тараган.

Москвада иштеген кыргызстандык Тимур Саралаев алып баруучу менен элчиликтин жанында түшкөн селфисин жүктөгөн.

"Малахов өткөндөгү окуя ага чоң сабак болгонун моюндады. Мен ага жооп катары кыргыздар кең пейил элбиз деп, колун катуу кыстым", — деп жазды Саралаев.

Элчиликтен Малахов элчи Аликбек Жекшенкуловго Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радио берүү компаниясынын эл аралык мамилелер дирекциясынын башчысы Петр Федоров менен келгенин билдиришти. Алар кызматташтык суроолору боюнча сүйлөшүшкөн.

Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Аида Касымалиева Ирина Карамушкинага: эки жүздүүлүктүн чеги болушу керек!
Буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун мотоциклчен уулу кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.

Эфир учурунда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү маркумдун энесине көңүл айтып, кечирим сурашкан. Бирок берүүгө чакырылгандар менен теле алып баруучу бул жерде баары буюртма аркылуу жасалышы мүмкүн деген оюн таңуулашкан.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун айткандары боюнча билдирүү тараткан.

Кыргызстандык интернет колдонуучулар болсо Малаховдон кечирим суроону талап кылышкан. Малахов бир канча күндөн кийин кайрылуу жасап, андан кийин кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0