Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Үй алам деп алдангандардын үнүн ким угат? Депутат менен министрликтин ача пикири

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өкмөт үлүшчүлөрдүн көйгөйүн чечүүдө четке чыга бергенин айтса, Экономика министрлигинин өкүлү парламентарийдин айткандарын четке какты.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда алданган үлүшчүлөрдүн саны төрт миңге жакын экенин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон тегерек столдо билдирди.

Бүгүн Sputnik маалымат борборунда "Кыймылсыз мүлктүн баасы өсөбү? Кыргызстанда үлүшчүлөрдүн укугу кантип корголот" аттуу тегерек стол уюштурулду.

Исмаилова алданган үлүшчүлөрдүн так саны боюнча расмий маалымат жок экенин айтты.

"Бизге кайрылгандардын негизинде түзүлгөн эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда болжол менен алданган үлүшчүлөрдүн саны төрт миңге жетет. Бул сан көбөйбөшү үчүн биз мыйзам долбоорун демилгеледик. Мамлекет бул көйгөйдөн четке чыга берди, эч кандай жардам бере албайт", — деди депутат.

Эксперт Арстан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кадыров: иштетилбей жаткан жерди көп жылга алууга дыйкандарга шарт түзүлөт
Эл өкүлү мыйзам долбоорунда үлүшчүлөрдүн укугун коргогон бир топ талаптар жазылганын кошумчалады. Анда курулуш компаниянын жери болушу керектиги, кепилдик фондусун түзүү жана курулушту камсыздандыруу каралган. Бирок өкмөт өзүнүн корутундусунда мындай талаптар менен макул эместигин билдирген.

Экономика министрлигинин ишкерликти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнгул уулу депутаттын айткандары туура эместигин айтты.

"Өкмөт четке чыгып кеткен жок, бул маселе боюнча 2018-жылы октябрда түзүлгөн жумушчу топтун алкагында аракеттер көрүлүп жатат", — деди Үсөнгул уулу.

Ал ошондой эле өкмөт дагы мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканын, ал депутаттыкына караганда тең салмактанганын кошумчалады

"Эгер катуу чараларды киргизсек, ИДӨнүн 9,4 пайызын түзүп жаткан курулуш бизнесине таасирин тийгизет", — деди ал.

Үсөнгул уулу, андан сырткары, мыйзам долбоорунда төрт шартты сактоо менен үлүштүк курулушту киргизүү каралганын билдирди. Талап боюнча ишкердин курулушка уруксаты болушу кажет, аны менен катар жер тилкесине менчик укугу болушу шарт. Буларды сактабаган учурда кылмыш ишин козгоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0