Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл, 2019-жылы, өлкөнүн медиа рыногунда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун пайда болгонуна беш жыл толот. Күчтүү медиа команданын бири кантип түптөлгөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина баяндап берди.

Череменина Елена Геннадиевна — Кыргызстанда төрөлүп-өскөн, нагыз бишкектик, үч университетти аяктаган. Медиа чөйрөдө 2002-жылдан тарта иштей баштаган. Анда Кыргыз-Россия Славян университетинин басма сөз кызматын жетектеген. 2008-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасынын бир нече долбоорунда медиаменеджерликти аркалап, мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы байланышты жакшыртуу, мамлекеттик органдардын маалымат сайттарын түзүү жана парламенттик радионун өнүктүрүү иштерине салым кошкон.

Эл аралык уюмдагы ишин окутуучулук жана активдүү коомдук ишмердүүлүк менен айкалыштырган: жалпыга маалымдоо каражаттарына карата арыздарды кароо комиссиясынын биринчи курамында мүчө болгон, Журналисттик этика кодексин иштеп чыгуу жана жайылтууга катышкан.

2014-жылы Елена Череменинага дүйнөнүн 32 өлкөсүндө иш алпарган ири эл аралык долбоордун бир бөлүгү болчу Sputnik маалымат агенттигин жана радиосун Кыргызстанда түптөп, ишке киргизүүнү сунушташат. Беш жыл аралыгында аталган агенттик ынанымдуу жана эң көп окулган маалымат каражаттарынын бирине айланды, күнүнө 160 миң, айына 2,5 миллион окурман баш багат, ал эми социалдык медиада 600 миңден ашуун катталуучусу бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековҮч жыл мурда жаңы орунга көчкөнбүз. Биздин кеңсе Бишкектин дал борборунан, "Ала-Тоо" аянтынын жанынан орун алган.
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Үч жыл мурда жаңы орунга көчкөнбүз. Биздин кеңсе Бишкектин дал борборунан, "Ала-Тоо" аянтынын жанынан орун алган.

— Sputnik Кыргызстан беш жыл ичинде эле окумдуу, таасирдүү, ошондой эле эл оозуна алынган маалымат каражаттарынын алдыңкы сабына чыкты. Буга кантип жетиштиңиздер?

— Башта, албетте, кыйын эле болду. Биздин долбоор ишке кирерде, тагыраагы, 2014-жылы, Кыргызстандын медиа рыногу эбак толукталып калган, дээрлик жапырт баракталган бир нече белгилүү жергиликтүү маалымат агенттиги бар болчу. Окурмандардын көңүлүнөн түнөк таба ала тургандай команданы топтоого тийиш элем.

Сөздүн түз маанисинде бөлөк агенттиктердеги журналисттерди кызыктырып чакырууга, жамаатты кичинеден топтоого туура келди. Компаниянын ийгилиги каржыга караганда адамдык ресурстан көп көз каранды экенин ар бир менеджер тастыктайт. Жөн эле адистерди эмес, демилгеге бай ийгиликтүү, тобокелге барууга, жаңы бир башаттын бөлүгү болууга даяр инсандарды табуу маанилүү эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстандын кыздары. Кесипкөйлүк да, жаркылдаган мүнөз жагынан да алдына эч кимди салдырбагандардын катарына кирет.
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын кыздары. Кесипкөйлүк да, жаркылдаган мүнөз жагынан да алдына эч кимди салдырбагандардын катарына кирет.

Долбоордун болочогуна ынанбай сунушубузду четке каккандар да болбой койгон жок. Менимче, бул өмүрүмдөгү эң татаал милдеттердин бири болду окшойт. Ар бир жаңы кошулган окурманга жетине албай кубанчубуз, майда болсо да алгачкы жеңиштерибизди белгилеп, жеке салт жана майрамдарыбызды ойлоп тапканбыз. Эки жыл өтпөй биз өлкөдөгү көп окулган ресурстардын бири, кийин эң окумдуу маалымат каражаты болуп чыга келдик.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Асел Минбаеванын календарынын фонунда турган креативдүү продюсер Эрнис Алымбаев. Мындай календарь ар бир кызматкердин туулган күнүндө жасалат.
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Журналист Асел Минбаеванын календарынын фонунда турган креативдүү продюсер Эрнис Алымбаев. Мындай календарь ар бир кызматкердин туулган күнүндө жасалат.

Ийгилик — бул каттамадай: адистер, акча, сезим, технология, анан, албетте, демилге! Ага жетишүүгө тайманбастыгыбыз жардамга келди көрүнөт. Бизди эч ким билбегенин, маек кургусу, маалымат бергиси же кызматташкысы келбегенин да капарга албадык. Биз иштеп гана тим болбой, ар бир окурманды, өнөктөштү, маектешти, катталуучуну, ал тургай, атаандашты да сыймыктандырып, таң калтырып, багындырып, көңүлүн ээлөөнү уланта бердик. Анткени биздин ийгилик — бул биринчи кезекте демилге, тайманбастык, биримдик жана сапаттуу журналистика.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалаң жигиттер! Sputnik футболкасын кийип түшкөн сүрөт.
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жалаң жигиттер! Sputnik футболкасын кийип түшкөн сүрөт.

— Агенттикте канча киши иштейт?

— Адегенде 12 киши болчубуз, ушул тапта мурункуга караганда жамаатыбыз кыйла чоңойду. Улам жаңы бир максатты жүзөгө ашырдык, эки тилдүү сайттын аркасынан радио ишке кирди, андан соң маалымат борборун ачтык, социалдык медиада өз баракчаларыбызды өнүктүрдүк. Беш жыл ичинде командабыз кеңейди, бир үй-бүлөгө айландык. Бир тобу үйлөндү, турмушка чыгышты, перзент көрүштү. Кызматкерлерибиздин курагы негизинен 20дан 40 жашка чейин. Жамааттын ичинде бири-биринин жолун жолдоо менен катар ишти алмаша аткара билүү адаты жаралып калганы мени кубандырат. Команда арасына жаңы кошулган жаш адистер жана үйрөнчүктөргө чын дилден көмөктөшүп, тажрыйбасынан бөлүшөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековПару лет назад сразу три наших сотрудника окончили университеты. Мы не могли не поздравить их оригинальным тортом. Кстати, мы всегда приветствуем молодых специалистов!
Эки жыл мурда үч кызматкерибиз университетти аяктады. Жагымдуу ирмемдер тортсуз болбойт эмеспи. Баса, жаш адистерге эшигибиз дайыма ачык!   - Sputnik Кыргызстан
1/7
Эки жыл мурда үч кызматкерибиз университетти аяктады. Жагымдуу ирмемдер тортсуз болбойт эмеспи. Баса, жаш адистерге эшигибиз дайыма ачык!
© Sputnik / Табылды КадырбековШеф-редактор Эркин Алымбеков пытается подбодрить бильд-редактора Азамата Тотубаева. Мол, без отпуска еще никто не умирал.
Пятилетие международного информационного агенства Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
2/7
Шеф-редактор Эркин Алымбеков пытается подбодрить бильд-редактора Азамата Тотубаева. Мол, без отпуска еще никто не умирал.
© Sputnik / Табылды КадырбековКорреспондент Светлана Федотова пытается скормить конфету журналисту Мирбеку Сакенову. Типичный обед в нашей редакции.
Пятилетие международного информационного агенства Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
3/7
Корреспондент Светлана Федотова пытается скормить конфету журналисту Мирбеку Сакенову. Типичный обед в нашей редакции.
© Sputnik / Табылды КадырбековПочти 80 % фотографий, которые вы видите на сайте Sputnik Кыргызстан, сделаны фотокорреспондентом Табылды Кадырбековым
Пятилетие международного информационного агенства Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
4/7
Почти 80 % фотографий, которые вы видите на сайте Sputnik Кыргызстан, сделаны фотокорреспондентом Табылды Кадырбековым
© Sputnik / Табылды КадырбековДевушка с жемчужной сережкой" — наш литературный редактор Мира Жунусова
Пятилетие международного информационного агенства Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
5/7
Девушка с жемчужной сережкой" — наш литературный редактор Мира Жунусова
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан занимает лидирующие позиции с 2016 года согласно интернет-статистике Liveinternet.ru
Пятилетие международного информационного агенства Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
6/7
Sputnik Кыргызстан занимает лидирующие позиции с 2016 года согласно интернет-статистике Liveinternet.ru
© Sputnik / Табылды КадырбековИюль 2018 года. Елена Череменина участвует во флешмобе "100 элечеков". Тем самым она осуществила свою давнюю мечту.
Пятилетие международного информационного агенства Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
7/7
Июль 2018 года. Елена Череменина участвует во флешмобе "100 элечеков". Тем самым она осуществила свою давнюю мечту.
1/7
Эки жыл мурда үч кызматкерибиз университетти аяктады. Жагымдуу ирмемдер тортсуз болбойт эмеспи. Баса, жаш адистерге эшигибиз дайыма ачык!
2/7
Шеф-редактор Эркин Алымбеков пытается подбодрить бильд-редактора Азамата Тотубаева. Мол, без отпуска еще никто не умирал.
3/7
Корреспондент Светлана Федотова пытается скормить конфету журналисту Мирбеку Сакенову. Типичный обед в нашей редакции.
4/7
Почти 80 % фотографий, которые вы видите на сайте Sputnik Кыргызстан, сделаны фотокорреспондентом Табылды Кадырбековым
5/7
Девушка с жемчужной сережкой" — наш литературный редактор Мира Жунусова
6/7
Sputnik Кыргызстан занимает лидирующие позиции с 2016 года согласно интернет-статистике Liveinternet.ru
7/7
Июль 2018 года. Елена Череменина участвует во флешмобе "100 элечеков". Тем самым она осуществила свою давнюю мечту.

— Компаниянын ийгилиги — бул негизги ролду жамаат аткарчу бир катар аспектилердин жыйындысы. Бирок команданы жетектөө андан да маанилүү. Өз алдыңызга кандай максат, милдеттерди коесуз?

— Жетекчи жөн гана жамаат эмес, тирүү организм сымал абдан сезимтал жана сезимдери курч чыгармачыл команданын башында турса, дайым тобокелдик, чакырыктарга тушугат. Ооба, биз ийгиликтерди багынттык, бизди сыйлашат, биздин шилтемелерди алышат, биз менен эсептешишет, бизге кулак салышат. Макалаларыбыз жана долбоорлорубуз адамдардын тагдырына таасир этет. Ошондуктан менин да, жамааттын да жоопкерчилиги чоң.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалаң кыздар жана жакшы маанай!
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жалаң кыздар жана жакшы маанай!

Муну ар бир кызматкердин сезе билиши, кандай шарт болбосун өзүн татыктуу алып жүрүшү мен үчүн өтө маанилүү. Себеби ар бири — биздин агенттиктин жүзү. Бирөөнүн эле катасы жалпы жамаатка залакасын тийгизиши мүмкүн. Жетишкендиктерибизди арбытуу, ички тең салмактуулукту сактоо жана алдыга арыш таштоо үчүн жетекчи катары ички жана тышкы маселелерди жөнгө салуунун мааниси жогору. Анүчүн, албетте, дайым жакшы күүдө болуп, жаңы ийгиликтерди жарата турган долбоор жана кызматкерлер боюнча туура чечимдерди кабыл алууга тийишмин.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылдын жаңырышына бир ай калганда бизде "Жашыруун Санта" деп аталган көңүл жылыткан оюн башталат. Иштин кызыганына карабай, ара-чолодо бири-бирибизге байкатпай белек таштап кеткенге үлгүрөбүз. Бул бир айга созулат!
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жылдын жаңырышына бир ай калганда бизде "Жашыруун Санта" деп аталган көңүл жылыткан оюн башталат. Иштин кызыганына карабай, ара-чолодо бири-бирибизге байкатпай белек таштап кеткенге үлгүрөбүз. Бул бир айга созулат!

— Жамаатта кандай кызыктуу салттарды жарата алдыңыздар?

— Оголе көп. Ар бир кызматкердин туулган күнү белгиленет, балалуу болгондорду куттуктайбыз. Башта көнүмүш адат менен – торт алып келип, жылуу тилектерди айтып койчубуз. Азыр чыгармачылык менен куттук айтабыз, кызматкерге тамашалуу мүнөздөмө менен чыгарылган фотокалендарь белек кылабыз. Туулган күн ээси да, жамаат да боору эзилгенче күлүп бир жыргап алат. Каалоо-тилек кыдырата айтылган соң "Туулган күнүң менен!" деген ырды сөзсүз жалпы аткарып беребиз. Дагы бир жакшы адатыбыз бар: күндө көнүгүү жасайбыз. Эбегейсиз көлөмдөгү маалымат менен иштейбиз, компьютерде көп иштөөгө туура келет, ошондуктан спортту жактырган биздин шеф-редакторубуз Эркин Алымбеков шаңдуу музыканын коштоосунда 10 мүнөттүк көнүгүүнү күндө уюштурат. Мындай адатка ушунчалык көнүп калдык, кеңсебизге маек курууга келген сыйлуу конокторубуздан да тартынбайбыз. Дагы башка салттарыбыз бар, эми алар купуя калсын.

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбековдун маңдайы жарыла кубанып турган чагы. Ананчы! "Жашыруун Санта" жакшынакай белек бериптир!
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбековдун маңдайы жарыла кубанып турган чагы. Ананчы! "Жашыруун Санта" жакшынакай белек бериптир!

— Кыргызстандын медиа рыногун кандай сүрөттөөр элеңиз? Sputnik Кыргызстандын пайда болушу ага кандай таасир этти? Сиз жетектеген маалымат каражаты бөлөк порталдардан эмнеси менен айырмаланат?

— Медиа рыногубуз ар түрдүү. Өлкөдөгү саясий турмуш окуяларга бай, абдан активдүү. Окурмандардын өздөрү да абдан саясатташкан, ошондуктан башкы жана көп окулганы — дал саясий жаңылыктар, саясат жана саясатчыларга карата ар кыл көз караштар, серепчилердин пикирлери. Интернет басылмалар тынымсыз өнүгүп турат, технологиялык саамалыктарды дароо илип алып, ишке ашырат, демек, бизде атаандаштык абдан олуттуу. Өлкөдө ЖМКнын адатка айланган түрлөрү кеңири тараган: телевидение, радио, газеталардан эл тана элек.

© Sputnik / Табылды КадырбековБиздин ашкана. Чай ичкени бара жатып да сүрөткө түшкөндү унутпай...
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Биздин ашкана. Чай ичкени бара жатып да сүрөткө түшкөндү унутпай...

2014-жылы Sputnik түзүлүп жатканда сайттын дизайны окурмандардын көзү көнүп калган жергиликтүү агенттиктердин сайттарынан айырмалана көнүмүш жаңылыктар түрмөгү жок, ал эми башкы бетте чоң-чоң сүрөттөр, видеоконтент жайгашкан. 2016-жылы көптөгөн жергиликтүү маалымат каражаттары да өз сайттарынын жасалгасын, түзүлүшүн көркөм элестүү кылууга далалат кылышканын баамдадык. Окурмандар биздин инфографика, лонгрид жана атайын долбоорлорубузга аябай кызыгышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБиздин редакциянын жетекчиси Елена Череменина кичинекей конокко куурчак белек кылганда...
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Биздин редакциянын жетекчиси Елена Череменина кичинекей конокко куурчак белек кылганда...

Татаал, көлөмдүү маалыматты жарыялоодо мультимедиалык форматты кызуу пайдаланууда алгачкы карлыгач биз болдук. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыккан "Кыргызстанга саякат: туристтик жол көрсөткүч" аттуу лонгрид, Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романы боюнча кыргыз тилиндеги 27 сааттык "Сынган кылыч" аудио китеби буга далил. Билим берүү коомчулугу тарабынан жогорку баага татыган бул эмгектин өлкөдө окшошу жарала элек. Ошондой эле "Кийиз дүйнө" фонду менен биргеликте уюштурган "Улуттук баш кийимдер" фотодолбоорун да белгилегим келет. Окурмандарыбызды окуялардан кабардар гана кылбастан, өнүгүү, жаңы нерселерди үйрөнүү, эң башкысы, элибиздин салт-санаасы, маданияты жана өзгөчөлүгүн унутта калтырбоого мүмкүнчүлүк беребиз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр менен шамал бизге кеп бекен! Журналисттер кезектеги ири иш-чарага бара жатканда.
Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек - Sputnik Кыргызстан
Жамгыр менен шамал бизге кеп бекен! Журналисттер кезектеги ири иш-чарага бара жатканда.

— Заманбап медиаменеджер кандай жеке сапаттарга ээ болушу шарт?

— Менимче, адамдын психологиясын, анын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү, адамдарды башкара жана шыктандыра билүү — менеджерлердин негизги сапат, шык-жөндөмү. Булардын мааниси мындан ары да арта бермекчи. Кызматкерлерди урушуу, аларга кыйкыруу — эскинин иши. Айрыкча, ийгилик кызматкерлердин аң-сезими жана психологиялык абалына жараша болгон медиа чөйрөдө башкаруунун жаңы инструменттери зарыл. Ошондуктан адамдар менен жана адамдар үчүн иштеген медиаменеджер жогорку эмоционалдык интеллектке ээ жана креативдүү ой жүгүртө билүүгө тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0