Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик

© Фото / Valery VartanovaКыргызстанка Чолпон Улукбекова, живущая в ЮАР
Кыргызстанка Чолпон Улукбекова, живущая в ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Африкада жашаган кыргызстандык кыз Чолпон Улукбекова чет мамлекеттен билим алып, стюардесса болом дегендерге кеңеш берди.

27 жаштагы Чолпон Малайзиядагы университеттен маалыматтык технология жаатында билим алган. Куала-Лумпурда кесиби боюнча эки жыл алдыңкы компанияда иштеген. Андан кийин беделдүү делген Катардын авиакомпаниясында стюардесса болгон.

Учурда Түштүк Африкада үй-бүлөсү менен турат. Чет элдик мырзага турмушка чыгып, балалуу болгон. Социалдык тармактарда активдүү. Instagram баракчасында 41 миңден ашык катталуучусу бар. Ал үй-бүлө, саякат, билим алуу, борт коштоочунун иши тууралуу постторду жазат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Чолпон Улукбекова менен ал мекенине келген учурда маек курду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТүштүк Африкада жашаган кыргызстандык кыз Чолпон Улукбекова
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Африкада жашаган кыргызстандык кыз Чолпон Улукбекова

— Малайзияда кандайча окуп калдыңыз?

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
— Бишкектеги №70 мектептин гуманитардык классын аяктадым. Чет өлкөдөн билим алгым келчү. Ата-энем каттап турганга оңой болушу үчүн Россияда окууну сунушташты. Бирок мен ага макул болбой, алысыраак жактан гранттык окууларды караштыра баштадым. Ошол убакта Бишкекке Малайзиянын университеттеринин өкүлдөрү келип билим жарманкелерин өткөрүп калышты. Мен ошолордун ичинен маалыматтык технологиялар жаатындагы университетке кызыгып калдым. Алар КРдин окуу жайларына болгону эки грант беришмек экен. Бирөө Бишкекке болсо, экинчиси Ошко. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек болду. Бекер окууга илинүү үчүн бардык аракетимди жумшадым. Тест тапшырганга жүз студент келсе, алардын арасынан он киши калды. Андан дагы тандалып отуруп мен калдым. Грантты утуп алганыма абдан сүйүндүм. Ошентип Asia Pacific University аталышындагы окуу жайда билим алмай болдум. Business Information Technology (маалыматтык технология бизнеси. — ред) адистигин тандадым.

Грант болгону менен контракттын жарымын өзүм төлөп окудум. Андан тышкары, баскан-турганың, тамак-аш, кийимге акча кетти. Ата-энем бир жыл кыйналды. Аларга күч келтирбейин деп университеттин иштерине жардам берип каражат таба баштадым. Менин милдетим жаңы келген студенттерди учактан тосуп алып, жатаканага жайгаштырып, окуу жайды көрсөтүп берүү эле. Андан тышкары, башка өлкөлөргө барып өзүм окуган университет тууралуу айтып берчүмүн. Казакстанга жиберишкенде Кыргызстанга дагы келип кетүүгө үлгүрчүмүн. Билетке үнөм болчу. 

© Фото / из личного архива Чолпон УлукбековойАл Малайзиядагы университеттен маалыматтык технология жаатында билим алган. Куала-Лумпурда кесиби боюнча эки жыл алдыңкы компанияда иштеген.
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Ал Малайзиядагы университеттен маалыматтык технология жаатында билим алган. Куала-Лумпурда кесиби боюнча эки жыл алдыңкы компанияда иштеген.

— Сыртта окуйм деген балдарга кандай кеңеш бересиз?

— Европа мамлекеттерине салыштырмалуу Малайзияда окуу арзаныраак. IT-иштетүү жана IT-финансы тармагында жакшы окутушат. Адатта Малайзиянын университеттери Европа, Америка жана Австралиядагы университеттер менен өнөктөштүк мамиледе. Ошондуктан студенттерге Малайзиянын дипломунан тышкары дагы бир өлкөнүн диплому кошулуп берилет. Маселен, мага Британияныкын беришкен.

Одна из первых стюардесс Кыргызстана Тлеухор Бошумова - Sputnik Кыргызстан
Усубалиевди сүйүнтүп... Мурдагы стюардесса кесибинин сырларын ачты
Негизи көп учурда ата-энелер жана студенттер окуй турган университеттер тууралуу маалыматты текшеришпейт. Окуунун канчалык деңгээлде бекер экендигин жана шарттары тууралуу терең билүү керек. Анан барып алгандан кийин нааразы болушат. Бизде көп учурда балдарга караганда алардын ата-энелери окууларына кызыкдар.

Андан тышкары, тамактан, аба ырайынан кыйналгандар болот. Мисалы, Малайзияда нан көп жешпейт, ачуу тамактар арбын, ага да көнгөнгө аракет кылуу керек. Негизинен бардык кырдаалга адаптация болгонду үйрөнүү зарыл. Ошондой эле бара турган өлкөнүн каада-салтын сыйлоо шарт. 

— Малайзияда кесип боюнча жумушка орношуу кыйын болдубу?

— Куала-Лумпурда жылына эки-үч жолу карьералык жарманкелер өтөт. Ошол жакка барып резюмемди тапшырган болчумун. Жумушка орношуу кыйын эле. Бир нече ирет телефондон, кайра бетме-бет маектешүүдөн өткөрүп, онлайн тест тапшырттырат, соңунда менеджер менен сүйлөшөсүң. Натыйжада менеджмент жана жаңы технологиялар жаатындагы эл аралык Accenture аталышындагы консалтинг компаниясына ишке орноштум.

Бизде жумуш абдан көп болчу. Эс алуу дегенди унутуп койгом. Дем алыш күндөрү долбоорлорду бүтүрөйүн деп жумушка чыгып алчумун. Accenture беделдүү компания болгондуктан кийин башка жактарга жумушка орношкондо резюмеңди карап эле кесипкөй экендигиңе ынанышар эле. Башка жактарга салыштырмалуу маянасы дагы жакшы болчу. Бирок алар берген миң доллардан ашык акча мага жетпей калчу. Өзүм иштегенден кийин эми ата-энеме жардам беришим керек деген түшүнүк болуп калды. Айлыгымдын 60-70 пайызын Кыргызстанга салчумун. Эки жыл иштегенден кийин стюардесса болуп кеттим. 

© Фото / из личного архива Чолпон УлукбековойЧолпон Улукбекова беделдүү делген Катардын авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенген
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Улукбекова беделдүү делген Катардын авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенген

— Кантип анан стюардесса болуп калдыңыз?

— Чет өлкөдөгү досторум жумушка орношуу үчүн авиакомпанияга маектешүүгө барышарын айтып, мени дагы чакырышты. Ал дем алыш күнгө туш келгендиктен бара бердим. Негизи Малайзияда адамдар абдан жупуну кийинишет. Соода борборлорунда деле буттарына резина тапичке илип алып жүрүшөт. Биз маектешүүгө келгенде жакшынакай кийинген, сулуу кыздар келиптир. Мындай иш-чара ай сайын өткөрүлүп, дайыма миңден ашык киши келип турат экен. Мен Бириккен Араб Эмирлигинин жана Катардын авиакаттамына резюмемди тапшыргам. Көп өтпөй эки жакка тең маектешүүгө барып келдим. 31-декабрь, жаңы жыл күнү, электрондук почтама Эмираттардын авиалиниясынан "кечирип коюңуз, сиз өтпөй калдыңыз" деп кат келиптир. Анткен менен жаңы жылдан кийин Катар аба каттамынан жумушка алабыз деп билдирүү келди. Оюмда стюардесса болуу деген такыр жок болчу. Эл стюардессаны учактагы официант деп кабыл алат. Ал жакта иштесең дипломдун дагы кереги жок. Малайзияда билим алам деп көшөрүп жүргөн учурларымды эстеп ичим ачышты. Бирок бир чети өзүмдү башка жактан сынап, саякаттап, көбүрөөк акча тапкым келди. 

— Маалыматтык технологиялар жаатындагы жумушуңуздан кетип жатканыңызды кесиптештериңиз кандай кабыл алды?

— Биринин аркасынан экинчиси суроо узатып жатты. Мен максаттарымды түшүндүрдүм. Мен ага чейин эле биздин компания эл аралык болгондуктан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барып иштегим келгенин айтып, которулууну сурангам. Бирок жумуштагылар ал үчүн бул жактагы жумуштан бошоп, башка өлкөдөн кайра башынан документ тапшырышым керектигин айтышкан. Анан менеджерибиз "мен сени кое бере албайм, кааласаң башка өлкөгө котороюн" дейт. Мен таң калып, мурда эле ушул сунуш менен кайрылганымды айттым. Ал негизи эреже боюнча ошондой экенин, бирок кесипкөй кызматкерлер үчүн шарт түзүп берсе болорун айтты. Жакынкы Чыгышта компаниянын долбоору Сауд Аравияда эле бар экен. Бирок ал жак көңүлүмө жакпай туруп алды. Мындан улам жумуштан кетүүнү оң көрдүм. 

© Фото / из личного архива Чолпон УлукбековойУлукбекова: Telegram-каналым аркылуу стюардесса болом дегендерге кеңеш, сунуштарды, саякаттоо, ишимдеги окуялар, учактагы жашоо, чет мамлекеттеги турмуш жана башка кызыктуу темада узун билдирүүлөрдү жазып турам.
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Улукбекова: Telegram-каналым аркылуу стюардесса болом дегендерге кеңеш, сунуштарды, саякаттоо, ишимдеги окуялар, учактагы жашоо, чет мамлекеттеги турмуш жана башка кызыктуу темада узун билдирүүлөрдү жазып турам.

— Стюардесса болуу эмнеси менен эсте калды?

— Стюардессалардын жумушу кызыктуу, ошол эле учурда түйшүктүү. Авиакомпания жарым жыл бою медициналык жардам, коопсуздук, тейлөө боюнча тренингдерден өткөрдү. Катардын учактарында кызматкерлерге дагы, кардарларга дагы тартип бекем болчу.

Facebook компаниясынын баш кеңсесине маалыматтык аналитик болуп эмгектенген Зияда Усен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок
Айлыгы мурдагы жумуштан эки эсе көп болду. Үч миң долларга жакын алчумун. Мындан тышкары, авиакомпаниянын кызматкери катары дүкөндөргө, салондорго арзандатуулар болчу. Ошондой эле виза маселесин дагы оңой чече алчусуң. Ал жакта туура эки жыл иштеп 50дөн ашык мамлекетке барып келдим.

Анан чет өлкөлүктөрдүн көбү акча топтогонго аракет кылышат. Эсимде, стюардессалар компания тамакка деп бөлүп берген акчаны коротпоо үчүн жандарына кукси салып алышчу. Мен дагы айлыгымды чогултуп, кийин үлпөт тоюма жумшагам.

Бизде чет мамлекетте жашагандарды аябай бай элестетишет. Өлкөгө келгенде сөзсүз белек күтүшөт эмеспи. Чындыгында сыртта жашоо кыйын. Аз убакыт иштебей калсаң жашоо өтпөй калат. 

© Photo / Jude Rodrigo-Candappa Чолпон: стюардесса жаштыкты, сулуулукту, убактыңды талап кылат. Менимче, борт коштоочунун иши турмушка чыга элек кыздар менен бойдок балдарга көбүрөөк туура келет. Саякаттап, эл-жер көргөнүң менен үй бетин көрбөй каласың.
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Чолпон: стюардесса жаштыкты, сулуулукту, убактыңды талап кылат. Менимче, борт коштоочунун иши турмушка чыга элек кыздар менен бойдок балдарга көбүрөөк туура келет. Саякаттап, эл-жер көргөнүң менен үй бетин көрбөй каласың.

— Сизден стюардесса болом деп кеңеш сурагандар көп экен, ал үчүн атайын Telegram-канал дагы ачыптырсыз.

— Социалдык тармактардан бардыгына өзүнчө жооп бере албайсың. Анан Telegram-каналымды ачкам. Ал жакта стюардесса болуу үчүн кеңештер, сунуштар, саякаттоо, ишимдеги окуялар, учактагы жашоо, чет мамлекеттеги турмуш жана башка кызыктуу темада узун билдирүүлөрдү жазып турам.

Предприниматель Кадыр Алы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды бир көрсөм деп... Кытайдан келип ишкер болгон Кадыр Алынын маеги
Кээде интернеттен жазганга жетишпей калам же катталуучулардын саны көп болгондуктан көрбөй калам. Ошондо "жазып коюу кыйынбы, сөзүңдү аяп жатасыңбы" деген билдирүүлөр келет. Биздин кемчилик ушул. Адамда жумуш мен үчүн керек, өзүм үчүн иштейм деген түшүнүк болушу керек да. Маселен, Катардагы авиа компанияга иштейм дегендердин саны көп болгондуктан, ордуңду сактап калууга аракет кыласың. Компания каалаган убакта кетирип коюшу мүмкүн болчу.

Стюардесса жаштыкты, сулуулукту, убактыңды талап кылат. Менимче, борт коштоочунун иши турмушка чыга элек кыздар менен бойдок балдарга көбүрөөк туура келет. Саякаттап, эл-жер көргөнүң менен үй бетин көрбөй каласың.

Стюардесса болом дегендер Катардын жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиакомпанияларында иштегенге аракет кылса жакшы. Анткени булар дүйнөдө престиждүү болуп эсептелинет. 

© Фото / Valery VartanovaУлукбекова: жолдошум биздин салт-санаага абдан сый мамиле жасайт. Ал Бишкекке учуп келип, ата-энемдин алдында колумду сурап, өз колу менен сөйкө салган. Аз убакыттан кийин Бишкекте дүңгүрөгөн той жасадык.
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Улукбекова: жолдошум биздин салт-санаага абдан сый мамиле жасайт. Ал Бишкекке учуп келип, ата-энемдин алдында колумду сурап, өз колу менен сөйкө салган. Аз убакыттан кийин Бишкекте дүңгүрөгөн той жасадык.

— Чет элдик мырзага турмушка чыкканыңызды сүрөттөрдөн көргөм. Жолдошуңуз менен кайдан таанышып түтүн булатып калдыңыз?

— Экөөбүз бир чөйрөдө иштечүбүз. Мен стюардесса болсом, Лукас Boston Consulting Grouр (башкаруу консалтинги жаатындагы компания) компаниясында иштеген. Анын иши авиация менен тыгыз байланышта болчу. Бир ирет Жакартага учуп барып калдым. Ошондо экөөбүз бир отелде жайгашып калыптырбыз. Отелдин машыгуу залына барсам, ал жакка болочок жолдошум дагы келиптир. Мага көңүл буруп жатканы байкалды. Жаныма келип сүйлөй баштады. Ал көп нерсени билет экен, баарлашуубуз кызыктуу болду, жөнөкөйлүгүн бааладым. Ошол күндөн тарта интернеттен дайыма сүйлөшүп турдук. Кетип жатканда Жакартага кайра качан келеримди сураган. Кызыгы, бир жумадан кийин кайра эле учуп келдим. Ал күн 8-мартка туш келип калыптыр. Лукас мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кечки тамакка чакырды. Таң калычтуусу, кээ бир өлкөлөргө бирден эле жолу барсам, Жакартага 6-7 жолу жиберишкен. Лукас мен кайсы өлкөгө барсам, ошол жакка учуп барганга аракет жасачу. Анын келип-кеткени 18 саат, жолукканыбыз 2-3 саат болгон учурлар кездешти. Азыр жинди экенбиз деп күлүп калам. Бир ирет менин жүргүнчүм дагы болгон. Чикагого учуп баратсам, аны да жумуш менен ошол жакка жиберишиптир.

Негизи мен ал учурда жеке жашоону бир аз кое турайын деп ойлогом. Дагы да саякаттап, иштегим келген. Мамилебиз жакындап баратканда Лукастан алыстаганга аракет кылдым. Ал мени түшүнүп, кыйнаган деле жок. Бирок ал бир нерсени көздөсө, сөзсүз жеткенге аракет кылат. Менден байланышын үзгөн жок. Убакыттын өтүшү менен ал менин адамым экенин билдим. Чет элдик балага турмушка чыкканым үчүн сындагандар болушу мүмкүн. Бирок бул Кудайдын буйругу, нике кайып деп билем. 

© Фото / Наташа АндреониЧолпон: жолдошумдун энеси испан, атасы француз. Жолдошум авиация менен терең кызматташып жүргөндө таанышканбыз. Учурда Түштүк Африкада тоо кен тармагында эмгектенет.
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Чолпон: жолдошумдун энеси испан, атасы француз. Жолдошум авиация менен терең кызматташып жүргөндө таанышканбыз. Учурда Түштүк Африкада тоо кен тармагында эмгектенет.

— Үйлөнүү тоюңуздар кандай өттү?

— Жолдошум биздин салт-санаага абдан сый мамиле жасады. Ал Бишкекке учуп келип, ата-энемдин алдында колумду сурап, өз колу менен сөйкө салып кеткен. Себеби ата-энеси менен тойдо эле жолугууну чечкенбиз. Ата-энеме кыргызча каалоо-тилек жазылган кат тапшырып сүйүнткөн. Өзү интернеттеги котормо менен жазып, эжеме текшерттириптир. Андан кийин романтикалуу түрдө дагы колумду сурады. Балиге барганыбызда тик учакка отургузуп аралдарды көрсөтүп жаткан. Биз түшөргө аз калганда атайын жердеги аянтчага "Мага турмушка чыгасыңбы?" деп чоң тамгалар менен жазылыптыр. Абдан жагымдуу болгон.

Сотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги
Аз убакыттан кийин Бишкекте дүңгүрөгөн той жасадык. Кыргызда салтанаттардын убактысын каалоо-тилектер эле алып койсо керек, биз ошолорду кыскарттык. Той ыр, бий, шоулар менен коштолуп, программа жыш болду. Тойдо кыргыздын салт-санаасын көрсөттүк. Антракт учурунда испан ырларын дагы койдук. Себеби менин жолдошумдун энеси испан, атасы француз. Чет өлкөдөн дагы кесиптештерибиз, кайын журтум келген. Жолдошум өзүн тоюнда конок катары сезгендигин айтып, биздин салтанаттарга таң берди. Европада мындай тойлор өтпөйт. Андан кийин ата-энебизди чет мамлекетке саякатка чыгарып келдик. Өзүбүз узак убакыт бал айын өткөрдүк.

— Төрөтүңүз кыйын болгонбу? Бул боюнча пост дагы жаздыңыз эле.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от TRAVEL | LIFESTYLE | FAMILY (@chopkaa)

— Негизи биз кое туруп эле балалуу бололу дегенбиз. Үйлөнгөндөн кийин эки-үч айдан кийин эле наристелүү болорубузду билдим. Баланы кыйналбай көтөрдүм. Чет мамлекетте көбүнчө кесарево жасап салышат. Мен өзүм эле төрөйүн дегем. Бирок эки күн толготуп кыйналгандан кийин ичимди кестирдим. Төрөтүмдө бүтүндөй команда иш алып барган. Жолдошум моралдык жактан абдан чоң колдоо көрсөттү. Кудайга шүгүр, балам аман-эсен төрөлдү. Атын Макс койдук. Быйыл бирге чыкты. Тушоосун Кыргызстанга келгенде кестик.

— Учурда Түштүк Африкада турат экенсиздер. Ал жакта жашоо кандай?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Үйлөнүү тойдон кийин биз Жакартада жашап жатканбыз. Индонезия өзү кооз жер. Бирок борбору абдан зериктирген шаар. Ошон үчүн күйөөмө башка жакка көчүп кетели деп айта берчүмүн. Ага кыйын болду, себеби жумушунан жогорулап жаткан. Бир ирет Испанияга жолдошумдун инисинин үйлөнүү тоюна барып калдык. Андан ары Мароккону көрө кетели дегенбиз. Күйөөм ал жакта мурда иштешкен жетекчилери менен жолугуп калды. Алар Түштүк Африкада тоо-кен тармагында иш сунушташты. Биз макул болдук. Сегиз айлыгымда учакка отуруп, Жакартадан көчүп кеттик. Эсимде, учакта төрөп койбоюн деп баланын кийимин алып алгам.

Түштүк Африканын жаратылышы кооз жана бай. Шаарларында жакшы имараттар курулган. Бирок бир аз кооптуу жер. Атышуулар болуп турат, уурулардын дагы курманы болуп калышың мүмкүн. Бирок мен муну чет элдик киши катары айтып жатам.

Флора менен фаунасы укмуш. Биз мультфильмден көргөн арстан, пил, леопард, жираф дегендердин бардыгы бар. Улуттук коруктарына барып каалаган жаныбарыңды көрсөң болот. Бирок унаа менен гана кыдырасың. Коопсуздук үчүн айнектери, люктары жабык болушу керек. Чөп жеген жаныбарлар, тагыраагы, жираф, зебралар болсо алыстан туруп эле сейилдөөгө болот. Африка ушунусу менен керемет. 

© Фото / Насиба СелееваЧолпон: уулубуздун аты Макс, быйыл бирге чыкты. Тушоосун Кыргызстанга келгенде кестик.
Түштүк Африкада жашаган Чолпон: Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той бердик - Sputnik Кыргызстан
Чолпон: уулубуздун аты Макс, быйыл бирге чыкты. Тушоосун Кыргызстанга келгенде кестик.

— Ар бир адам эле мекенин сагынат. Кыргызстанга кайтып келүү планыңызда барбы?

— Мурда Малайзияда окуп жүргөндө Кыргызстанга келүү планымда бар болчу. Эми чет элдик адамга турмушка чыктым, азырынча өлкөмө конок катары эле келип турат окшойм. Балким, кийинчерээк жашап каларбыз. Кыргызстаным ар ирет жүрөгүмдө, мекенчилдик сезим сыртка чыкканда күч алат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0